Акча опузалоо шеги менен кармалган блогер Гүлпери Жанышбек кызы үй камагына чыкты

  • 2 месяца мурун

Ош шаардык соту акча опузалоо шеги менен 30-июнда кармалган блогерди үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттык” Ош облустук сотунун маалымат кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сот Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн шектүүнү тергөө учурунда камакка алуу өтүнүчүн четке каккан. Сот кармалган шектүүгө коюлган айып анча оор эмес кылмыш экендигин жана анын туруктуу жашаган жерин эске алып, кармалган блогер Гүлпери Жанышбек кызын 29-августка чейин үй камагына алган.

Социалдык тармактарда кармалган жаран активист Гүлпери Жанышбек кызы экенин жазып чыгышкан.

Гүлпери Жанышбек кызы Фейсбук баракчасына Оштогу жергиликтүү бийликти сындаган маанайдагы маалыматтарды жарыялап турат. Жанышбек кызы мындан эки күн мурун Фейсбук баракчасына “Мени подстава кылышты, аким максатына жетти” деген билдирүү калтырган.

30-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы акча опузалоо шеги менен жаран кармалганын, тергөө иштери башталганын билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, андан бир күн мурун, 29-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынына Ош шаарынын тургуну С.И., атуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г., аттуу аял акча опузалап талап кылып жатканын маалымдаган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тартып, социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырамын деп опузалап, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалоо) негизинде кылмыш иш козголгон. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө жүргүзүп, Ж.Г. аттуу аял 50 000 сом акча алып жаткан жеринен кармалган” деп айтылган басма сөз кызматтын маалыматында.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты