Акча каражаттарынын контрабандасы аныкталды

Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), КР жараны 1981-жылы туулган Т.А.М. башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга таңгакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет, Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң АКШ доллары табылып алынган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси болушу ыктымал Кыргыз Республикасынын төрт жараны кармалып, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Топтолгон материалдардын негизинде УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмүндө (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты