Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участогунда добуш берүү эртеңкиге чейин узартылды
- 10 часов мурун
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участогунда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам шайлоо мөөнөтү эртең, 18-ноябрга саат 20:00 чейин узартылды.
Бул тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабыл алды.
БШКнын маалыматына ылайык, Тепке айылындагы №3092 шайлоо участогунда шайлоо 18-ноябрь саат 20:00гө чейин узартылды.
Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.
Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоого саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83%ы добуш берди. Бул 1 150 931 шайлоочуну түзөт. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны — 4 135 039.
Шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышты, алар 4822 талапкер көрсөттү. Орто эсеп менен алганда бир мандатка төрт талапкер көрсөтүлдү.
Шайлоо бюллетениндеги талапкер партиялар арасынан «Социал-демократтар» партиясы чийилди.
14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан