Ак-Сайда дайынсыз жоголгон дагы 2 адамдын сөөгү табылды

  • 4 дня мурун

Бүгүн, 18-октябрда Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголуп жаткан алты адамдын дагы экөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМ мындан бир нече саат мурун (12:45) изделип жаткан 46 жаштагы адамдын сөөгү табылганын билдирген эле. Ошентип учурда дайынсыз жоголуп жаткан алты жарандын үчөөсүнүн сөөгү табылып, Кумбел тилкесиндеги штабга жиберилген. Калган үч жаранды издөө иштери эртең улантылары айтылды.

Эске салсак, кечээ, 17-октябрда ӨКМ Чаткалда кар көчкүнүн алдында калышы мүмкүн делген 6 адам изделип жаткандыгы тууралуу маалымат берген.

ӨКМнын маалыматы боюнча, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. Ал эми 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу жана бир тик учак тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулуп жатканы айтылган.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты