Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 адам тик учак менен изделе баштады (видео)

  • 4 дня мурун

Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты адамды издөө иштери бүгүн, 18-октябрда да улантылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ал жакка тик учак жөнөтүлгөнүн билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тик учак Ак-Сай тоосуна саат 09:10да барып, дайынсыз жоголгондорду издөө иштери башталган.

Эске салсак, кечээ, 17-октябрда ӨКМ Чаткалда кар көчкүнүн алдында калышы мүмкүн делген 6 адам изделип жаткандыгы тууралуу маалымат берген.

ӨКМнын маалыматы боюнча, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. Ал эми 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулуп жатканы айтылды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты