Ак-Буура дарыясында курула турган чакан ГЭСке капсула салынды

  • 1 день мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан Папан суу сактагычында курулуп жаткан чакан ГЭСтин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы курула турган чакан ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт түзөт, ал жылына орточо 103 млн кВт/саат электроэнергияны өндүрөт. Инвестициянын суммасы 27 млн. доллар экендиги айтылды.

Акылбек Жапаров аземде сүйлөгөн сөзүндө «Папан суу сактагычына чакан ГЭСти куруу өлкөбүздү энергетикалык көз карандылыктан куткарууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам» экендигин белгилеген.

«Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан. Папан суу сактагычынын курулушу 1979-жылы башталып,1985-жылы ишке киргизилген»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты