Ак-Буура дарыясынан сел агызып кеткен экинчи кишинин сөөгү табылды

  • 2 месяца мурун

Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500м жетпей) өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)  куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылды.

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши ( кыздардын апасы) экени аныкталды.

Кечээ, 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.

Селге агып кеткен эки аял жана 2 кичине кыз изделип жаткан.

14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.

Ош шаарында 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты