Ак-Буура дайрасынын корук аймагында жайгашкан курулуш жана жер тилкелерин тактоо комиссиясы түзүлдү

  • 2 месяца мурун

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош мэриясы комиссиянын курамын жарыялады. Комиссиянын курамына булар кирди:

— З.Юсупов — Ош шаарынын мэринин орун басары, комиссиянын төрагасы;

— А. Каныбек уулу — Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;

— Ы.Токоев — Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, комиссиянын катчысы (добуш берүүгө укугу жок).

Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:

— К.Имарова — Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүн башчысы;

— У.Амалбеков — Ош шаарынын мэриясынын коргоо, коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

— О.Арзыкулов — Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу- кадрдык иштер жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

— А.Дүйшөналы кызы — Ош шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

— Э. Кармышаков — Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы;

— А.Пирматов — Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;

— К.Шанаев — Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик

агенттигинин Ош филиалынын директорунун орун басары;

— А.Абылаев — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы;

— С.Абдраев — Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын башчысы;

— Р. Суракматов — Ош шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;

— Ж.М. Абышев — Ош шаары боюнча ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-

эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы;

— Т. Мамашов — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы (макулдашуу менен);

— Р. Абибиллаев — Ош Башкы суу чарба башкармалыгынынын башчысы.

— Г. Мамасалиева-Ош шаарынын тургуну, жарандык активист (макулдашуу менен);

— Арген Нуров — эркин журналист (макулдашуу менен).

Жумушчу комиссия тарабынан Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо иштерин жана мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгы тууралуу маалымат даярдалып, сунуш беришет.

Жумушчу комиссияга өз ишин жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча зарыл учурда тиешелүү эксперттерди, адистерди тартууга укук берилет.

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты