“Ак була Араван пахта заводунун” 11,14 га жер аянты мамлекетке өттү
- 3 недели мурун
- Видео
Көп убакыттан бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттердин соода аянтчасы катары пайдаланылган «Ак-була Араван пахта заводу» ААКсынын 11,14 га жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды. Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 1997-жылы Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик Р.В.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!