Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү “Бай элим” заводу ачылды

  • 6 дней мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, Чүй облусунун Москва районунда “Бай элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводунун ачылышына катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.  

“Бүгүнкү күндө республика аймагында тамак-аш азыктарын өндүрүү багытында 415 ири жана орто ишкана иш алып барууда. Анын ичинде кайра иштетүүчү завод ачып жаткан “Бай элим” компаниясы да бар. Жашылча-жемиш консерваларын экспорттоочу бул ишкана ички рынокто да, анын чегинен тышкары да кардарлардын ишенимине ээ болуп келатканы кубандырат” деди президент.

Садыр Жапаров “Бай элим” компаниясынын директору Рысгүл Акимжанованын өндүрүшкө жана соодага жаңы прогрессивдүү инновацияларды киргизүү менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүгө кошкон салымын белгилей кетти.

Мамлекет башчы бул долбоордун наркы 410 млн сомду түзгөнүн айтып берди. Эл аралык стандарттарга ылайык курулган бул көп функционалдуу консерва заводунун кубаттуулугу күнүнө 500-700 тонна айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүгө эсептелген.

Заводдо 70 адам туруктуу иштесе, сезон маалында 1000ден ашуун жумуш орундарын түзмөкчү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты