Айыл чарба министрлигинде дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору ачылды

  • 2 недели мурун

Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаңы ачылган борбордо дыйкан-фермерлер министрликтин адистеринен, “Айыл банк” жана “Элдик банктын” өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине тиешелүү жооп алып кете алышат. Ал жерде айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистер жарандарды жекеме жеке кабыл алып, кеңеш берет.

Ушундай эле тейлөө борборлору учурда пилоттук негизде Каракол, Кара-Суу жана Жалал-Абад шаарларында ишке кирип жатканы белгилүү болду.

«Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты