Айыл чарба министри: Сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 3-июлда, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен сүттү сатып алуунун бааларын жөнгө салуу, сүт өнөр жайын өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин сүттү сатып алуунун баасы төмөндөп, маселе жаралып келген.

Көйгөйдү чечүү максатында аталган министрлик тарабынан сүттүн майлуулук курамына жараша баанын тарифтик графиги сунушталган.

Тарифтик графикти айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев ачыктап, сүттүн баасы анын орточо майлуулугуна жараша аныкталарын билдирген.

“Эгерде сүттүн майлуулугу 3,4% болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду, ал эми сүттү топтоп даярдоочунун маржасы 5 сомду түзөт. Эгер корутундуда сүттүн майлуулугу 4% болсо, завод фермерден сүттү 40 сомдон кабыл алат” деп айтылат маалыматта.

Министрдин сөзү боюнча, сүттүн баасы аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша Монополияга каршы кызмат тарабынан белгиленет. Эгерде дыйкан менен заводдун ортосунда сүттүн майлуулугуна карата талаш жаралса, анда ветеринардык лабораторияга кайрылса болору айтылды. Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөрү айтылган.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты