Айыл чарба: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетти
- 6 дней мурун
Кыргызстанда быйыл кант кызылчасынын түшүмү 900 миң тоннага жетери болжолдонууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, өлкөдө быйылкыдай түшүмдүн көлөмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч деп эсептелет.
Айыл чарба министрлиги өлкө аймагында кант өндүрүүчү 2 ишкана иштеп жаткандыгын билдирди. Алар: «Кайында-Кант» жана «Кошой» ААК. Заводдор кант кызылчасынан да, кант камышынан да кант чыгарат.
Кошумчалай кетсек, мындан бир ай мурун кант кызылчасынын көп түшүмдүүлүгүнөн улам, заводдордо кант кызылчасын кабыл алууда узун кезектер жаралып, мындан улам көйгөйлөр чыккан. Айыл чарба министрлиги Чүй облусундагы кант кызылчасын кабыл алуу завод ээлери менен жолугушуп, абалды жөнгө салуу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алганын билдирген.
Сүрөт: agro.gov.kg