«Айыл банк» «Сбер» тиркемеси аркылуу акча которуулар токтотулганын маалымдады

  • 4 недели мурун

«Айыл банк» коммерциялык банкы 22-августтан тартып Орусиянын «Сбер» тиркемеси аркылуу банктын кардарларынын эсептерине жана карталарына акча которуулар белгисиз мөөнөткө токтотулганын маалымдады.

Мекеме ошол эле маалда «Золотая Корона», «AstraSend» жана «Юнистрим» акча которуу системалары аркылуу которуулар кадимки режимде иштей берерин билдирди.

17-августта Мбанк («Кыргызстан» банкы) билдирүү таратып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун жарыялаган. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.

20-августта “Керемет банк” коммерциялык банкы Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) банктары жана Орусия Федерациясынын “НСПК” улуттук төлөм системасы оператору аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотулганын жарыялады.

24.kg басылмасы 21-августта башка банктардагы жагдайларды сураштырганда 16 банктын 13ү Орусиянын банктарына акча которууга мүмкүн эмес экенин айтышкан. Калган үч банк – анын ичинде «Айыл банк», Орусиянын банктарына акча которуулар үзгүлтүккө учурабаганын билдирген эле.

20-августта Tazabek сайты Кыргызстандын Улуттук банкындагы ишенимдүү булактарына шилтеме кылып жазгандай, башкы каржы көзөмөл мекемеси коммерциялык банктарга кайрылып, Батыштын, анын ичинде Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) санкциялык тизмесиндеги банктар менен кызматташууну токтотууну эскерткен.

Маалыматка ылайык, коммерциялык банктарга негизинен Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) жана «НСПК» улуттук төлөм системасынын оператору менен кызматташпоо талабы коюлган. Мекеме коммерциялык банктардан эл аралык санкцияга туш келген банктар жана уюмдар менен эч кандай операция жүргүзбөөнү талап кылып, экинчи даражадагы санкцияларга илинип калбоо үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырган.

Кыргызстанда жалпысынан 23 коммерциялык банк иштейт. Алардын өлкө боюнча 320 филиалы бар.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты