Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу 2 айга камакка алынды

  • 2 недели мурун

1-сентябрда Октябрь райондук соту маркум Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу кармалган жолдошунун бөгөт чарасын карап, аны эки айга №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Канат Хасанов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

30-августта Октябрь райондук ички иштер бөлүмү маркумдун жолдошун Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренесинин негизинде иш козгоп, кармаган эле.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Социалдык тармактарда Айтургандын видео тасмалары жарыяланып, анда ал буга чейин кандай зомбулук көргөнү тууралуу айтылган.  

Маркумдун жакындары ал дары ичип алып, өз жанын кыюуга барды дегенге ишенбей тургандарын, ал күйөөсүнүн зомбулугунан каза тапкан деп айтып чыгышкан.    

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты