Айсулуу Мамашова Ысык-Көлдө селден жабыркаган жарандар жардам ала электигин айтты
- 2 недели мурун
Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-октябрындагы жыйынында Айсулуу Мамашова Ысык-Көлдө селден жабыркаган үйлөргө мамлекет компенсация төлөп бере электигин айтты. Депутатка бул маселе боюнча селден үйү жабыркаган өзгөчө баланын апасы кайрылган.
«Мага Корумду айылынан өзгөчө баланын апасы кайрылды. Тилекке каршы ушул өкмөт бөлө турган акчаны дагы деле ала албай атат»,-деген депутат айым.
Айсулуу Мамашованын айтымында, Ысык-Көлдө 18-августта болгон селден 1-2-категорияда жабыркаган, башкача айтканда, катуу жабыркаган үйлөргө акча берилген эмес. Ал эми жеңил жаракат алган үйлөргө берилген.
«Бул өтө туура эмес. Анткени өзүнүз көрүп атасыз суук күтпөйт, суук боло баштады. Көлдө өзгөчө бат суук түшөт. Бул маселе өтө маанилүү. Анткени бүгүнкү күнгө чейин селдин кесепетинен зыян тарткан жарандарыбыз дагы эле жардамды ала элек. Турак жайлары жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлбөй жатат»,- деген депутат.
Сүрөт: интернет булактары