Айсулуу Мамашева: “7-апрель ынтымагы” коомунун жетекчиси мурда соттолгон  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 26-апрелде, депутат Айсулуу Мамашева өкмөт 1,6 жер бөлүп берген “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев педофилия боюнча мурда соттолгонун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Бул сөзүн депутат парламентте “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жаткан учурда айткан.

“Мындай адамдар эч качан жетекчиликте болбошу керек. Өзгөчө апрель революциясынын баатырларынын төрүндө отурбашы керек. Бул өтө маанилү. Себеби, аларга бийлик берсе, ал жерден эч качан жакшы нерсе чыкпайт” деп айтты Мамашева.

Ошондой эле, депутат ишкананы таза баатырлардын бирөө жетектеш керек, деген оюн айтып, Усупбий Шеримбаевди жетекчиликтен алууну суранды.

Президент Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевден кун төлөтүп берүүнү суранышканын «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Жапаровдун айтымында, Апрелчилер Курманбек Бакиев менен сүйлөшүшкөн, Бакиев аларга 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берген. Апрелчилер өлкө башчысынан фабрика куруу үчүн жер бөлүп берүүнү суранышкан.

«Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим» деди Жапаров.

Анын айтымында, жер Апрель окуясында каза болгондордун жакындары түзгөн акционердик коомго берилген.

25-апрелде 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Апрель элим Кыргызстан”, “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелердин жетекчилери басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар мурдагы президент апрелчилерге тигүү фабрикасын куруп берет” деген сөздөргө түшүндүрмө беришти.

“Президентке “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомун түзүп ага 200 киши кирди. Курманбек Бакиев бизге фабрика куруп берет” деп туура эмес маалымат берип жатышат. Апрель окуясында жабыркагандардын ата-энелеринин көбү биздин коомдук бирикмелерде. Алардын бири да “Бакиев келсин” деп айткан эмес жана айтпайт. Биз Бакиевдин Кыргызстанга келишине, фабрика курушуна жана акталышына каршыбыз. Бул ишке аша турган нерсе эмес” деди “Апрель байрагы” бирикмесинин төрагасы Конушбек Дөөлөталиев.

Сүрөт: ЖК жыйынындагы видеодон алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты