Айнура Аскарова Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Айнура Аскарова Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгонун министрлик маалымдады.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министр Алтынбек Максүтов тааныштырып, китепкананын ишин алдыга жылдырууга ишенимин артып, жооптуу ишине ийгилик, жамаатка ынтымак каалады.

Жакынжа Айнура Аскарова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордуна Гүлбара Абдыкалыкова дайындалды.

Сүрөттө: Айнура Аскарова. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты