Айланма жолдогу автокырсыктан каза тапкандар 10 кишиге жетти

  • 2 недели мурун

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында, Токмокко жакын жерде болгон автокырсыктан каза тапкандар 10 кишиге жетти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координатору Алмаз Назарбеков айтты.

Анын сөзүнө караганда, кырсыктан жаракат алган дагы беш адам Токмок шаарындагы ооруканада, бирөө Бишкек шаарында жана дагы бир киши Кантта ооруканада жатат.

1-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда Subaru Outback, Mercedes-Benz, Toyota Camry, Toyota Voxy жана Mercedes-Benz Sprinter — жалпы беш автоунаа катышкан жол кырсыгы болгон. Башта андан жети киши мүрт кеткени айтылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы кырсыкка катуу бараткан Subaru Outback машинасынын дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгонун билдирген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал батыштан чыгышты көздөй бара жатып алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, автоунаа каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын сүзгөн.

Расмий маалыматка караганда, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жаракат алган.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

Сүрөт: Кырсык болгон жерде. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты