Айгүл Жапарова: «Кыргызстанда аялдар — өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары»

  • 2 года мурун

Биринчи айымы Айгүл Жапарова Тегеранда (Иран Ислам Республикасы) өткөн илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айгүл Жапарова бул чоң форум бардык аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча жалпы ишке маанилүү түрткү болорун белгиледи. Ал конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо, аялдардын лидерлигинин факторлорун кайра карап чыгуу жана иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү үчүн жакшы диалог аянтчасына айланат деген ишенимин билдирди. 

Айгүл Жапарова белгилегендей, Кыргызстан аялдары ар убакта өз мамлекетинин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө эбегейсиз салым кошуп келишкен. Алардын активдүү катышуусу болбосо, көп улуттуу элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаралуусун жана көбөйүшүн, коомдун адептүүлүгүн чыңдалышына жана улуттук мүнөздүн мыкты белгилеринин сакталышын элестетүү мүмкүн эмес. 

«Ушуга байланыштуу кыргыз элинин улуу маданий жана тарыхый мурасы «Манас» эпосуна кайрылгым келет, анда үй-бүлө очогун сактоочу аялдын идеалдуу образы өтө көркөм сүрөттөлгөн. Биздин элибиздин аялдары дүйнөнүн башка элдериндей эле татаал жана динамикалуу мүнөзгө ээ. Элибиз аялдын идеалын анын сулуулугунан гана эмес, баарынан мурда анын табигый акыл-эсинен, кайраттуулугунан, чечкиндүүлүгүнөн көргөн. «Манас» эпосунда Чыйырды, Сайкал, Арууке, Айчүрөк жана башка аялдардын эстен кеткис ажайып образдары чагылдырылган.

Анда сүйкүмдүү Каныкей баш каарман баатыр Манастын жубайы, анын өмүрлүк шериги гана болбостон, биринчи кезекте анын башкы кеңешчиси болгон», — деди биринчи айым. 

Ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жана чаралар тууралуу айтып берди. Аялдардын ролун жогорулатуу жана гендердик өнүгүү маселелери эң маанилүү өкмөттүк документтерге, анын ичинде 2022-жылдын октябрында бекитилген 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган. 

Аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты аял талапкерлердин ичинен кийинки катталган талапкерге өтөт. Ушундай эле жобо „Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө“ Мыйзамда да камтылган. 2021-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттардын 38% аялдар болгон. 

Бүгүнкү күндө өлкөнүн Министрлер кабинетинин курамында 4 аял бар, алар жаратылыш ресурстары, экология, саламаттыкты сактоо, жеке маалыматтарды коргоо, интеллектуалдык менчик жана инновациялар сыяктуу маанилүү багыттарда кызмат ээлейт. 

Сөзүнүн аягында Айгүл Жапарова аялдар өз дараметин ишке ашыруусу үчүн колдон келген жардамдын баарын биргеликте жасоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 Ал бүгүнкү конгресс аялдардын лидерлигин жана анын ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот жана бардык өлкө-катышуучулардын жана элдердин улуу аялдарынын тажрыйбасын колдонуп, жалпы ийгиликтердин пайдубалын түзө алат, деген ишенимин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты