Айдос Садыковдун өлүмүнө шектелгендер Украинадан Молдова аркылуу чыгып кетишкен

  • 3 месяца мурун

Киевде казакстандык журналист жана оппозициялык активист Айдос Садыковду өлтүрүүгө шектелип жаткан Алтай Жаканбаев менен Мейрам Каратаев Украинадан Молдова аркылуу чыгып кетишкен.

Бул тууралуу «Молдова: Актуально» телеграм-каналы Чек ара кызматындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Молдовага 18-июнь күнү «Паланка» өткөрмө бекети аркылуу кирип, 19-июнда Кишинев аэропортунан Антальяга (Түркия) учуп кетишкен.

Казакстандын бийлиги Жаканбаев 21-июнда укук коргоо органдарына өзү колго түшүп бергенин билдирген. Каратаевдин азыр кайда экени белгисиз. Казак Башкы прокуратурасы ага издөө жарыяланганын маалымдаган.

Украинанын башкы прокуратурасы Айдос Садыковдун өлүмүнө байланыштуу козголгон «Буюртма боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси » Буюртма боюнча атайылап адам өлтүрүү» беренесине алмаштырылганын билдирди. Украин мыйзамдарында бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 15 жылга чейин же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Украин тергөөчүлөрүнүн маалыматына караганда, Киевге 2-июнда барган 33 жаштагы Каратаев менен 36 жаштагы Жаканбаев ижарага алган батирде жашап, Айдос Садыковго кол салуу үчүн аны аңдый башташкан.

18-июнда кол салууга кабылган Садыков реанимация бөлүмүнө жаткырылып, 2-июлга караган түнү каза болду.

Буга чейин украин тарап бул кылмышка шектүүлөр Казакстандын жарандары экенин, өлкөгө 2-июнда Польша аркылуу кирип, Молдова аркылуу чыгып кетишкенин билдирген.

Айдос Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык «Азат» партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Ал негиздеген YouTube’дагы БӘСЕ каналынын миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп кеткен.

Жубайы Наталья Садыкова ок Айдос Садыковдын чыкыйына тийгенин айтып, кол салууну күйөөсүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал Айдос Садыковду көз алдында атып кетишкенин билдирип, кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Касым-Жомарт Токаевге жүктөгөн.

Өз кезегинде Токаев зарыл болсо тергөөгө жардам берилерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты