Айдоочулук күбөлүктү пара алып берип жүргөн мамлекеттик кызматкерлер кармалды

  • 3 недели мурун

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым жетекчилери катышкан айдоочулук күбөлүктү берүү боюнча коррупциялык схема ачыкка чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жарандар айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн, тагыраагы теориялык жана практикалык сынактарды ийгиликтүү тапшыруу үчүн коррупциялык схеманын мүчөлөрүнө кайрылышкан. Алар кайрылган жарандар менен жогоруда аталган мекеменин кызмат адамдарынын ортосунда ортомчулук кылышып, бул үчүн пара алып жүрүшкөн. Ал эми аталган мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери пара берген жарандарды сынактардан ийгиликтүү өтүүсүнө жардам берип жүрүшкөнү белгилүү болгон.

«Алдын ала эсептөөлөр боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир гана филиалынан ай сайын мыйзамсыз түшкөн акчанын суммасы 10 миллион сомдун тегерегинде болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Коррупциялык схеманын бардык катышуучулары Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты