Аида Касымалиева: “Биз көп элек, бактылуу элек. Анан эле ажал бактыбызды жулуп кетти”

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын БУУдагы турукту өкүлү Аида Касымалиева автокырсыктан улам көз жумган атасы, апасы, бөбөктөрү — Бектемир, Байтур, Канзат, Нурзат 19-июлда жерге берилгенин айтып, кайгысын бөлүшкөндөргө Фейсбук баракчасы аркылуу ыраазылык билдирди.  

“Алтындарым менин — апам, атам, Бектемирим, Байтурум, Канзатым, Нурзатым менин. Силерди жерге бердик бүгүн, бир боорлорум ай! Бул сүрөттө баарыңар турасыңар, беш баладан төртөөң кеттиң. Байтур түштө үзүлдү. Бойлоруңар узун, акылдуу, көздөрүңөр Мыктыбек акемдикиндей чоң, жылдыздуу, жадырап-жайнаган козуларым менин.

Жаман силерди жакшы көрчү элем го! Жыттап-жыттап тойбойт элек. Көлгө чыгаардан бир күн мурун Панфилов паркына Байтур сарышкамды, эгиздер Канзат менен Нурзатты аябай ойноттум эле.

Жолдо баратсак шагырап, биз көп элек, биз бактылуу элек. Биз ушунчалык бактылуу элек. Анан эле бактыбызды ажал жулуп кетип калды го. Нурзат мен Америкадан алып келген жашыл футболкасын чечпей уктады эле ошол түнү.

Кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге чон ыраазычылык! Бүгүн мен ушул сөздүн маанисин түшүндүм.

Атоооу, апоооу, бул трагедиянын орду эч качан толбойт, бирок биз сиздерди уят кылбай, кайраттанып жашоого аракеттенебиз. Бейиште болгула.

Бир эле нерсе: атам эч качан эреже бузуп, катуу айдачу эмес. Күнөөлүү адам жазасын толук алып, иш адилет каралышы керек. Башка мындай өлүм болбошу керек” деп жазды Аида Касымалиева Фейсбук баракчасына.

Аида Касымалиева: “Биз көп элек, бактылуу элек. Анан эле ажал бактыбызды жулуп кетти”
Аида Касымалиева: “Биз көп элек, бактылуу элек. Анан эле ажал бактыбызды жулуп кетти”
Аида Касымалиева: “Биз көп элек, бактылуу элек. Анан эле ажал бактыбызды жулуп кетти”

17-июлда, Балыкчы-Каракол жолунун 59-чакырымында, Өрнөк айылында катталган жол кырсыгы бир нече адамдын өмүрүн алган. Андагы жол кырсыгынан БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана бөбөгүнүн өмүрү кыйылгандыгы кабарланган. Жол кырсыгынан кийин ооруканада жаткан үч бөбөгү да кош айтышкан.  

Toyota Avensis  унаасы (Аида Касымалиеванын жакындары башкарган) жана Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн. Экинчи унааны Бишкектин 20 жаштагы тургуну айдап бара жаткан. Toyota Avensis унаасындагылардын үчөө кырсык болгон жерде, экөө ооруканада көз жумду. Ал эми Mercedes-Benz унаасындагылар ооруканага түшкөн.  

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору Мырзаева Бактыгүл дүйнөдөн кайтканын билдирди. Бактыгүл Мырзаева – Аида Касымалиеванын апасы.

Сүрөттөр: Аида Касымалиеванын Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты