Административдик-аймактык реформа алкагында жергиликтүү кеңештердин таркатылышы каралган

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам күчүнө кириши менен жергиликтүү кеңештердин таркатылышы каралган.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусун өзгөртүү жана ыйгарым укуктарын токтотуу маселелери такталды.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылга чейин узартылды.

Көрсөтүлгөн маселелерди ишке ашыруу максатында сунушталган мыйзам боюнча бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

Кабыл алынган мыйзам күчүнө кириши менен жергиликтүү кеңештер кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу таркатылууга тийиш деп белгиленген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты