Abal.kg сайты активист Касиет Мамырбаеваны бир тараптуу каралоо менен журналисттик этиканы бузду

Abal.kg сайты “Рита Карасартованын көөнү эркиндикте болсо, кызынын көөнү кайф кармап, эс алуудабы?” деген аталыштагы материал жарыялады. Анда камактагы жарандык активист Рита Карасартова жана анын кызы Касиет Мамырбаева тууралуу жазылган.

Abal.kg сайты активист Касиет Мамырбаеваны бир тараптуу каралоо менен журналисттик этиканы бузду

“ПолитКлиника” медиасы Abal.kg сайты жазган материалды анализдеп көрдү.

Материалдын баш темасында журналисттик этиканын эки беренеси бузулган 

“Рита Карасартованын көөнү эркиндикте болсо, кызынын көөнү кайф кармап, эс алуудабы?” деген аталыштагы материалы Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексинин 9-10-беренелерине каршы келет.

9-беренеде баш темаларды редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбей турганы жазылган.

Ал эми 10-беренеде фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл деп көрсөтүлгөн. 

Баш темада “Рита Карасартованын көөнү эркиндикте болсо, кызынын көөнү кайф кармап, эс алуудабы?” деп, автордун пикири менен бир тараптуу каралоо болгон.

Материал “кастык тилин” колдонуу менен башталган

Автор алгач материалдын биринчи сүйлөмүн  эле кастык тилин пайдалануу менен баштаган. Анда “Рита Карасартованын кызы энесинен ашып түшкөн куйту экен” деп жазылган. 

Жалпы материал боюнча дагы бир канча жолу кастык тили колдонулган. “Карасартованын кызы  Касиет Мамырбаева  баштанаак эчкидей болуп аларды эски аянтка алып чыккан”, “Эгерде акылы бар кыз болсо апама сөз тийбесин деп үйүндө жатмак. Бирок энесин ойлобогон кыз башканы ойломок беле, мында кайдагы тарбия?” деген сүйлөмдөр жазылган. 

Автор манипуляциянын ыкмаларын колдонуп, Касиет Мамырбаеваны каралоого аракет кылган. 

Кастык тили деген эмне?

Кастык тили – терс баа берүүчү,  кээ бирѳѳлѳрдү — улут, гендер, диний, же дагы башка социалдык топ боюнча кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ жана мыйзамга каршы келе турган тил. Бул аныктама IWPR — “Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруучу институттун” колдоосу менен чыккан “Кыргызстанда диний маселелерди чагылдыруу боюнча колдонмодо” жазылган.

Abal.kg сайты колдонгон “куйту экен”, “баштанаак эчкидей”, “акылы бар кыз болсо” жана “мында кайдагы тарбия?” деген сөздөр “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет.  

Abal.kg сайты активист Касиет Мамырбаеваны бир тараптуу каралоо менен журналисттик этиканы бузду

Материалдагы айрым сөздөр Конституциянын 57-беренесине каршы келет

Аталган сайттын материалында “Бийликти күч менен басып алабыз деп камакта жаткандардын туугандарын бүгүн суукка карабай митингге алып чыгып, аягында таштай качты” деген сүйлөмдү кездештирүүгө болот. Бул Баш мыйзамдын 57-беренесинде ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт деп жазылган. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот. 

Кемпир-Абад маселеси боюнча жапырт кармалган бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогердин иши боюнча соттун өкүмү чыга элек. 

Бир тараптуу каралоо, манипулиянын ыкмаларынын колдонулушу, журналисттик этиканын бузулушу

Бул материалда Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбаеваны бир тараптуу каралоо болгон. “Милиция кайсыл учурда кармарын да билип туруп, убагында жылт койду. Чынында аны апасынын тагдыры деле ойлондурбайт көрүнөт” деп жазылган. 

“Касиет Мамырбаева энеси Рита Карасартованын батыштан бакырып жүрүп тапкан долларларын чачып жыргап эс алып жүрөт. Эгерде акылы бар кыз болсо апама сөз тийбесин деп үйүндө жатмак. Бирок энесин ойлобогон кыз башканы ойломок беле, мында кайдагы тарбия? Өзү айтмакчы, кайфтан кийин ойгоно калып, эл көзүнө апасын эстемиш болуп, тынч жаткандарды алдап көчөгө алып чыкты. Өзү качып кетип ээрчип чыккандардын убалына калды. Эми тигилери да экинчи аны ээрчигис болуп, бармагын тиштеп отурса керек”, — деп жазылат материалда.

Мында пропаганданын бир топ техникасы колдонулган:

– Калп – фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү.

– Ярлыктарды илүү – коомдо калыптанып калган белгилүү ярлыктарды илүү – Касиет Мамырбаева энеси Рита Карасартованын батыштан бакырып жүрүп тапкан долларларын чачып жыргап эс алып жүрөт.

Манипуляциянын бир канча ыкмалары пайдаланылган:

  • дезинформация – маалыматты бурмалоо; 
  • калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү;
  • каралоо – коомдук аң-сезимди манипуляциялоо үчүн көбүнчө каралоо ыкмасы колдонулат.

Журналисттердин этикалык кодексинин эки беренеси бузулган:

  • 8-берене боюнча журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. 
  • 10-беренеде фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл деп көрсөтүлгөн.

Жыйынтык: Abal.kg сайтынын “Рита Карасартованын көөнү эркиндикте болсо, кызынын көөнү кайф кармап, эс алуудабы?” деген аталыштагы материалында “кастык тили”, манипуляциянын ыкмалары колдонулган. Ошону менен катар эле бир тараптуу каралоо болуп, Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси бузулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты