Абактан кат: Азамат Ишенбеков дүйнө элине кайрылды

Бишкек шаарынын №1 СИЗОсунда жаткан Азамат Ишенбеков дүйнө элине кайрылып, чындык үчүн абакта жатканын айтып, төкмөлүк ыр саптарын жиберди.

10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   

Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.

  Жашоодогу акыйкат деги кайда?

Кулак салып сөзүмө тилимдеги,

Күйүтүмдү уккула дилимдеги.

Көйгөйлөрдү ыр кылып чагылдырсам,

Көөдөндөрү көрлөргө билинбеди.

***

Жашоодогу акыйкат деги кайда?

Жашап калдык кордолуп таппай айла.

Желегимдин нурларын сүйөм десем,

Жемелешип камашты мени кайра.

***

Сөз эркиндик жоголуп Мекенимде,

Сүрдүк өмүр түрмөнүн этегинде.

Соо адамды камашып, буйрук менен,

Сот чечими мыйзамсыз экенинде.    

*** 

Чоңдорумдун ичтери кепке тарып,

Эли-жерин сүйгөндөр кордолууда.

Эрким үчүн түрмөдөн жардам сурайм,

Эл аралык өкүлдүн чоңдорунан.

***

Башыңарды бургула дүйнө эли,

Бузуку де, саткын де, сүйбө мени.

Бийлигине кордолгон силерде да,

Биздикиндей кысымдар барбы деги?

***

Эли-жерин сүйгөндөр кордолууда,

Эркиндиги чектелип тордолууда.

Эрким үчүн түрмөдөн жардам сурайм,

Эл аралык өкүлдүн чоңдорунан.

***

Убакыттан кеп эмес айрылганым,

Уюткулуу эл үчүн кайрылганым.

Уул-кыздарды кордотпой алгылачы,

Ушул менин силерге кайрылганым.

Азамат Ишенбеков

Абактан кат: Азамат Ишенбеков дүйнө элине кайрылды

Сүрөт: Бектур Оргубаев/ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты