«Аалам» жана «Кенч» соода комплекстеринин жетекчилерине кылмыш иши козголду

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Аалам» жана «Кенч» соода комплекстеринин соодагерлеринин жамааттык арызынын негизинде, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, аталган соода комплекстеринин  директору И.А.К. жана ээси М.В.П. пайда табуу жана тиешелүү салык төлөөдөн качуу максатында жасалма ижара келишимдерин түзүүнүн, ошондой эле укук белгилөөчү документтерди көрсөтпөстөн, белгиленген тартипте коммерциялык жайларды сатуунун мыйзамсыз схемасын уюштургандыгы аныкталды.

Сатуу жайларынын наркы жана соодагерлер төлөгөн ижара акысынын өлчөмү расмий суммадан бир нече эсе көп болгон.

Салык органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин натыйжасында аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган бухгалтердик жана башка документтер табылып алынды.

Белгилей кетсек, «Аалам» жана «Кенч» СКнын жетекчилиги өздөрүнүн аракеттеринин мыйзамсыздыгын толук түшүнүп, жасаган иштерине өкүнүп, азыркы этапта соодагерлердин ижара акысын 30%га арзандатуу боюнча иштерди баштаган.

Ошондой эле аталган кылмыш ишинин алкагында салык карызынын суммасын жана мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча салыктык текшерүү жүргүзүлүп жатат.

УКМК тарабынан «Аалам» жана «Кенч» соода комплекстерин курууда уруксат алуунун мыйзамдуулугун аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты