«Аалам Строй» ЖЧК лицензиясы 90 күнгө токтотулду

  • 1 месяц мурун

Лицензия берүү жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды кароо боюнча комиссиянын жыйынында «Аалам Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК)  лицензиясын 90 күнгө токтото туруу маселеси каралды.

Бул тууралуу архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттиги билдирди.     

Анын себеби Бишкек шаарында Анкара көчөсүндө жайгашкан курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн чатырында өрт чыккандыгына байланыштуу экендиги айтылды.

2023-жылдын 14-декабрында Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген №678 иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 21-беренесинин 4-пунктуна ылайык, лицензия берүүчү тарабынан адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптар бузулгандыгына байланыштуу комиссиянын чечими менен  «Аалам Строй» ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

13-августка караган түнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Сүрөт: gosstroy.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты