Чаткалдагы кырдаалга сурманы мыйзамсыз казуунун тиешеси бар дешти
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын тегерегинде түзүлгөн кырдаал Жогорку КЕңеште 6-декабрда талкууланып жатканда Ички иштер министри Курсан Асанов сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факты, бейбаштык боюнча 2 факты катталганын айтты.
Сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факты катталган
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай участкасында бейбаштык боюнча 2 факт, ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факт катталган.
Элге түшүндүрүү иши жүргүзүлгөн эмес
Талкууда депутат Аида Касымалиева дегеле Чаткалдагы кен казуу иштериндеги кырдаал мурдатан эле ириңдеп келе жаткандыгын айтып, район акими менен облус жетекчиси элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албагандыгынан улам болуп жаткандыгын баса белгиледи.
Күнөөлүүлөр жооп бериши керек
Депутат Азиз Турсунбаев Терек-Сайдагы окуя боюнча ким күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керектигин, бул жерде сурманы контрабанда жолу менен ташуу маселеси бар экенин, андыктан ишти калыс кароо үчүн депутаттар көруп келиши керек экени белгиленди.
100 млн сом салык түшөт
“Кыргызалтын” башкарма төрагасы Алмаз Алимбаев бул кен казууну жергиликтүү эл колдоп, инвестор социалдык пакеттерди карагандыгын, жыл сайын 15 млн сомдон бөлүнүп берилери чечилгендигин, 100 млн сомдун тегерегинде салык түшөөрүн, ишкана иштеп баштагандан тарта дивиденд алынарын маалымдады.
Сурманы казуу көп жылдан бери келатат
Өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азизбек Ороков сурманы мыйзамсыз казуу иштери көп жылдан бери келаткандыгын айтып, бул көрүнүштү мыйзамдаштыруунун жолун караштырып жаткандыгын маалымдады.
Кеп—мыйзамсыз казылып жана импорттолуп жаткан сурмада
Депутат Исхак Пирматов бул жердеги негизги маселе мыйзамсыз казылып, мыйзамсыз экспорттолуп жаткан сурмада болуп жаткандыгын айтып: “Бул жерге бир эмес миң пост койсо дагы маселе чечилбестигин, мында Оштогу сурманы мыйзамсыз сатып алуучуларды тыйганда гана чечилет. Ал эми экология маселеси (суунун булганышы, жолдордун бузулушу) алтынды жууп алуучу майда кендерди казгандардан улам болуп жатат. Мамлекетке жылына төлөгөнү 50-60 миң сом. Ал эми бул жердеги 2-3 ири кенде маселе жок”,- дейт. Мындай пикирди депутат Кожобек Рыспаев дагы улап, жергиликтүү элди күч менен токтотууга болбостугун, анын ордуна “жаранын” чыгыш себептерин иликтөөнү сунуш кылды.
Алтынды жууп алууга берилген мада кен лиценщияларн жоюу керек
Депутаттар Азизбек Турсунбаев менен Исхак Пирматов алтынды жууп алуучу майда кендерди казууга берилген лицензияларды жокко чыгаруу зарылдыгын белгилешти.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматыныкы.