Ысык-Көлдө браконьерге 50 миң сом айып салынды
- 6 лет мурун
- Маек
Ысык-Көл облусу боюнча жүрүп жаткан рейддин натыйжасында эликти мыйзамсыз аткан браконьер кармалганын Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү браконьерликке каршы «Барс» тобу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин Аңчылык департаментинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
«Тоң районунун Көк-Булак аймагында элик аткан жергиликтүү тургун кармалды», — деп айтылат мааламытта.
Жеринде протокол түзүлүп, мыйзам бузган кишиге 50 миң сом айып салынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!