Дене табы көтөрүлүп жаткан баланы бешикке бөлөп салып комага түшкөн. Мындай учурда эмне кылуу керек? Адистин кеңеши

Өткөн жумада Ош областынын Ноокат районунун тургуну 4 айлык баласын дене табы көтөрүлүп жаткан учурда бешикке бөлөп койгон. Ал эми эртең менен баланын комага түшүп калганын көрүп, дароо ооруканага жеткирген. Дарыгерлер жардам көрсөтүп, 4 күндөн кийин бала комадан чыккан.

Дене табы көтөрүлүп жаткан баланы бешикке бөлөп салып комага түшкөн. Мындай учурда эмне кылуу керек? Адистин кеңеши

Баланын дене табы көтөрүлүп жаткан учурда эмне кылуу керек?

Бишкек шаарындагы доктор Асымбекованын клиникасынын балдар дарыгери Светлана Андакулова кеңеш берет:

“Дене табынын көтөрүлүүсү 3 түрдө болот: субфебрилдик (37.1 — 38), фебрилдик (38.1 — 39), гипертермикалык (39 жана жогору).

Себептери да ар түрдүү болушу ыктымал. Көбүнчө ар кандай инфекциялык оорулар, зат алмашуу процессинин бузулушу, ысык өтүү, аллергиялык реакциялар себеп болушу мүмкүн” дейт педиатр.

Баланын өзүн начар сезип жатканын байкаганда дароо дене табын өлчөө керек. Эгер дене табы көтөрүлүп, бирок 38.5 градуска чейин болсо, физикалык жол менен түшүрүүгө аракет кылабыз.

Ал үчүн бөлмө температурасында, бир аз жылымык суу менен колубузду суулап алып, баланын денесин ушалап, сүрүп чыгуу керек. Андан соң баланы ороп, денеси кургаганча күтө турабыз.

Негизинен, бул ыкма менен дене табын 2-3 градуска чейин түшүрүүгө болот. Ошондой эле, жетишээрлик өлчөмдө суюктук ичирүү да сунушталат.

Эгерде баланын дене табы 38.5 градустан жогору боло турган болсо, атайын дары каражаттарын колдонуу керек. Азыркы учурда дарыканаларда дене табын түшүрүүчү препараттардын түрлөрү көп. Ар биринин баланын жаш курагына жараша чен-өлчөмү болот. Колдонуу эрежелерин сактоо менен пайдалануу туура.

Буга кошумча, дене табы көтөрүлүп жаткан учурдагы кооптуу белгилер катары адис калтыроо, тез-тез же кыйналып дем алуу, ыкшоо тартуу жана 2 айга чейинки балдардын сүт эмбей, денеси муздашы мүмкүн.

Туура эмес кадамдар…

«Көпчүлүк ата-энелер баланын дене табы көтөрүлүп жаткан учурда аны баланын денесин спирт же уксус менен ушалап, сүрүү аркылуу түшүрүүгө аракет кылышат. Бул туура эмес. Себеби, уксус жана спирт жаш баланын уулануусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, бул үчүн жылымык сууну гана колдонуу кажет».

Маанилүү

Ошондой эле, баланын дене табы көтөрүлгөн учурда дарыгерге кайрылуу коопсуздук үчүн абдан маанилүү экендигин Светлана Андакулова баса белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты