Туулган күнүңүз менен, Президент!
- 6 лет мурун
- Маек
Бүгүн, 16-ноябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка чыкты.
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунунун мурдагы Совет, азыркы Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган.
1976-жылы Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1983-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун зооинженерлик адистиги боюнча бүтүргөн. 1988-жылга чейин Совет районунун Совет совхозунда зоотехник, кийин партиялык-советтик кызматтарды аркалаган.
1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Айыл чарба министри, Кыргыз Республикасынын Премьер- министри кызматтарында эмгектенген.
2017-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
Сооронбай Жээнбеков көп балалуу үй-бүлөдө туулган. Тогуз бир тууганы бар Улуу агасы Кантөрө Токтоматов академик болгон, Жусупбек Шарипов Ош облусунун губернатору болгон, Асылбек Шарипов Жогорку Кеңеш экс спикери.
Эки баласы бар.