Түркияда бекер окуунун жолу

Түркияда чет өлкөлүк студенттер үчүн бир топ стипендиялык программалар бар. Алардын бирөө Түркия мамлекетинин стипендиялык программасы.

Түркияда бекер окуунун жолу

Бул программа аркылуу андагы мамлекеттик ЖОЖдордо бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча билим алууга болот. Абитуриеттер түрк тилин билүүсү шарт эмес.

Мүмкүнчүлүктөрү:

1.Ай сайын төлөнүүчү стипендия:

  • Бакалавр-700 лира;
  • Магистрдин даражасы-950 лира;
  • Докторлук даражасы-1400 лира;
  • Изилдөө-3000 лира;
  1. Чет өлкөдөн келген студенттер университет бөлүп берген жатаканада акысыз кала алышат. Аталган мүмкүнчүлүктөн пайдалангысы келбеген студенттер акысын өзү төлөп, башка башпаанек таба алышат;
  2. Программа аркылуу кайсы бир университетке өткөн студенттер бекер билим ала алышат;
  3. Студенттердин ден соолугу камсыздандырууга алынат;

5 .Түрк тилин билбеген студенттер бир жыл ичинде тил үйрөнүшөт. Түрк тилин үйрөнүү учурунда да жогорудагы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат;

6.Эки тараптуу авиабилеттер программа тарабынан алынат.

 Тапшыруу шарттары:

  1. Программа аркылуу бакалаврга тапшыруу үчүн талапкер орто мектепти, ал эми магистратурага тапшыруу үчүн жогорку окуу жайын бүткөн болушу керек;
  2. Бакалаврга 1997-жылы төрөлгөндөр, магистратурага 1988-жылы төрөлгөндөр, докторантурага 1983-жылы төрөлгөндөр тапшыра алышат;
  3. Ден соолугу жагынан эч кандай маселе болбосу шарт;
  4. Окуудагы жетишкендиктери жогору болушу керек;
  5. Программага өтүнмө бир гана интернет аркылуу ишке ашырылат.

Баалоо жана тандоо:

Баалоо эки этап менен жүргүзүлөт.

  1. Талапкердин татыктуулугу жана окуудагы жетишкендиги:

-Бакалавр үчүн аттестат, магистратура үчүн диплом;

-Университетке тапшырып жаткандагы баалары (ЖРТ);

-Жетишкендиктери тууралуу сертификаттар, мактоо баракчалары;

— ЖОЖдо окуп жаткандыгы тууралуу маалымкат жана окуудагы алган бааларын күбөлөндүрүүчү документ;

-Паспорт;

-Каалоо каты;

-Мүнөздөмө;

Аталган документтер электрондук вариантта болушу шарт.

  1. Маектешүү.

Экинчи этапта Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинде маектешүүдөн өтүү керек. Дал ушул этаптардан өткөн талапкер гана ал жакта окуу мүмкүнчулүгүнө ээ боло алат. Тандоонун жыйынтыгы август айында чыгат.

Учурда Изилдөө программасына тапшырууну каалагандар үчүн катталуу башталды. Баклаврга жана магистратурага катталуу ачыла элек.

Катталууwww.turkiyebursları.gov.tr сайты аркылуу жургүзүлөт. Байланышуу: тел-0850 455 0982, E-mail-info@turkiyebursları.gov.tr.

 

Аталган программа боюнча Түркияда окуган Аман Сейдакматов:

Түркияда бекер окуунун жолу

—Мен өзүм Бишкек шаарында туулуп-өскөм. №69 мектеп- гимназиясын окуп бүтүргөм. 2012-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырып, даярдоо курсунда түркчө үйрөнүп жатканда мугалимдер аркылуу программа жөнүндө угуп, тапшырып калдым. Тапшыруу эки этап менен жүргөн.

Биринчисинде керектүү документтерди тапшыргандан кийин электрондук почтага экинчи турга өткөндүгү жөнүндө маалымат келет экен. Эң кызыгы мен ал маалыматты кеч окуп калып, экинчи турга кечигип калгам.

Элчиликке барсам маектешүүнү жүргүзүүчү адамдар Түркияга кетишкенин айтышты. Анан мен дароо эле администирацияга байланышып абалды түшүндүрүп берсем, маектешүүнү интернет аркылуу жүргүзөбүз дешти.

Маектешүүдө суроолор жөнөкөй эле болгон,  эң эсимде калганы Түркиянын эмнесин жакшы көрөсүң дегенде “баклава” таттуусун жакшы көрөм десем, кайсы түрүн деп сураганда  Кыргызстанда көп деле түрү жок десем, Түркияда 200дөн ашык түрү бар деген. Ошондо мен “Анда силер мени сөзсүз алышыңар керек. Баардык түрүн жеп көрүп, жакканын силерге айтам” десем күлүшкөн.

Көбүнчө өзүм жөнүндө сурашкан. Эмне үчүн ал факультетти тандадым, эмнелерге кызыгам дегендей.  Мектешүүдөн кийин сураштырып көрсөм, окууну бүткөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келүүнү жүйөөлүү себептер менен түшүндүрүп бергендерге көбүрөөк басым жасашыптыр.

Мен Түркиянын Эскишехир шаарындагы Анадолу университетинин экономика факультетине өттүм. Жалпы жолунан көп деле кыйынчылыктар болгон жок. Барганда эле “Turkiye Bursları” нын өкүлдөрү тосуп алып, жатаканага жайгаштырышты. Биз ишемби күнү барып калгандыктан, банктар иштебей акчамды алмаштыра албай кыйналып жүргөм.

Анан бир кишиден жол сурап, кайсыл жерден алмаштыраарымды сурасам, кайдан келгенимди сураштырып 100 лира берип койгон. “Тамактанып, үй-бүлөңө кабарыңды берип кой”- деп. Ошол эсимде калыптыр.

Экинчи кыйынчылык бюрократия болду. Ден соолукту камсыздандырууга алуу үчүн керектүү документтерди чогулта албай кыйналдык. Бир кабинетке барсак экинчисине жөнөтүп коет. Анан айлабыз кеткенде  “Turkiye Bursları” нын өкүлчүлүгүнө байланыштык. Алар баарын түшүндүрүп беришкен.

Өзгөчө жакынкы Чыгыштан, Орто Азиядан, Африкадан келгендер студенттер көп болчу. Алардын баары менен достошуп, жакшы мамиледебиз. Учурда Чехиянын Прага шаарындага IT компаниялардын биринде иштеп жатам. Алдыда магистратурага тапшыруу пландарым бар. Жетиштүү билимге ээ болгондон кийин Кыргызстанга кайтып барам.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты