80 миң кг уйдун майын Казакстандан мыйзамсыз ташып келүүгө аракет жасашкан

  • 2 месяца мурун

3-июлда “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Кыргызстандын аймагына 80 000 кг өлчөмүндөгү уйдун майын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, уйдун майлары Казакстандан ташылып келинген. Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес. Алардын таңгакталышы жана товарды белгилөөсү “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндөгү” техникалык регламентке ылайык келген эмес. Жүк кайра артка, Казакстанга кайтарылганы белгилүү болду.

Сүрөт: Айыл чарба министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты