80 миң АКШ долларын алдоого шектүү кармалды

  • 2 месяца мурун

Президенттин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчисимин деп,  80 миң АКШ долларын алдоого шектүү Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган тургуну кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдады.  

Ага кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин алдамчылык боюнча А.А. аттуу адамдын арызы боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 2024-жылдын февраль айында башка бир иш боюнча козголгон кылмыш ишиндеги материалдык чыгымдын ордун толтуруп берем деп, 80 миң АКШ долларын алып жашырынып жүргөн.  

80 миң АКШ долларын алдоого шектүү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты