Бишкектин четиндеги жол кырсыгы бир өмүрдү алды
- 6 лет мурун
- Аналитика
Кырсык ордо калаанын ылдый тарабындагы айланма жолдо бүгүн эртең мененки тогуздарда болгон. Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкенге караганда, жолдун ГЭС-5ке жакын жеринде Volkswagen Jetta жана Golf III унаалары сүзүшүп кеткен. Кырсыктын айынан 60 жаштагы аял каза таап, дагы 3 киши ооруканага жеткирилген.
Божомолдорго караганда, унаалардын бири каршы тилкеге чыгып кетип, кырсыкка учураган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Расмий маалыматтарга таянсак, быйылкы 9 айда эле өлкө боюнча 5118 жол кырсыгы катталып, 458 адам жарык дүйнө менен кош айтышкан, алардын 62си жаш балдар. Мындан тышкары 6 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!