Толкунбек Абдыгулов 6 млн сом ссуданы кайтарып берген эмеспи?
- 6 лет мурун
- Баяндар
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган кезинде алган 6 млн ссудасы кечирилген. Бул тууралуу Жогорку кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.
—Ал ссуданы фице-премьер-министирдин кызматына келгенде алган. Буга уруксат берген токтом бар. Бирок, Улуттук банктын төрагалыгына кайра дайындалгандан кийин, ссуданы кайтарып берген эмес, -деди депутат.
Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан тарта Улуттук банктын төрагалык кызматын ээлеген. 2017-жылдын 26-августунан 23-ноябрына чейин биринчи вице-премьер-министрлик постто отурган. Кайра 2017-жылдын 21-декабрында Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган.
Биз Толкунбек Абдыгулов иш-сапары боюнча чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу жооп ала албадык.
Эскерте кетсек, ссуда бул белгилүү мезгил үчүн акча, мал-мүлктү берүү. Ссуда алган адам адам белгилүү мөөнөттө аны кайтарып берет. Мисалы, кредит банк тарабынан берилсе, ссуда жетекчи тарабынан кызматкерлерине же мамлекет тарабынан жарандардын белгилүү катмарына берилет.