IWPRдын иликтѳѳсү: Оюнчуктар ѳмүргѳ зыян
- 8 лет мурун
- Иликтөөлөр
Кыргызстанда балдарга жана алардын ата-энелерине курамында адамдын ѳмүрүнѳ коркунучтуу заттары бар оюнчуктар сатылууда. Бул тууралуу Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) иликтѳѳсүнүн жыйынтыгында аныкталды.
Жылына Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн 6 тоннадан 8 тоннага чейинки ɵлчɵмдɵ оюнчуктар ташылып келинет. Анын кѳпчүлүгү Кытайда чыгарылган оюнчуктар. Оюнчук бирден бир жеңил сатыла турган товар, анткени оюнчукту адамдар бардык эле мезгилде сатып алышат. Оюнчуктардын баасы арзан болгондуктан, аны дээрлик кѳпчүлүк адамдар ойлонбой эле сатып алышат. Оюнчуктардын түрү абдан эле кѳп. Баарынын сырткы кѳрүнүшү адам кызыгаарлык ачык түс менен боелуп, кооз жасалган. Иштин баары мына ошол кооздугунда жаткандай, анткени канчалык жаркырап, ачык түскѳ боелсо, ошончолук ѳмүргѳ зыян болушу ыктымал.
Мындай жоромолду текшерип көрүү үчүн биз шаардын ар түрдүү соода түйүндөрүнөн беш түрдүү оюнчук сатып алдык. Дароо эле биз коопсуз оюнчукту сырткы көрүнүшүнөн эле билүүгө болот деген ойду текшерүү үчүн темирден, резинадан, желимден жана зыяны аз делинген жыгачтан жасалган оюнчуктарды сатып алдык.
Текшерүүгө «Детский мир» дүкөнүнөн сатылып алынган, баасы 155 сом турган, Орусияда чыгарылган жыгачтан жасалган пирамида,
«Детский мир» дүкөнүнөн баасы 159 сом турган, Малайзияда жасалган темир машина,
Bаbyland дүкөнүнөн пластиктен жасалган, баасы 390 сомдук, пилдин келбетиндеги ышкырык,
Орто-Сай базарынан алынган, баасы 500 сомдук, Кытайда пластиктен жасалган «Человек паук»,
Орто-Сай базарынан сатып алынган, Кытайда жасалган, резина түрүндөгү, ийнелери бар резина топ берилди.
Биз тандаган бардык оюнчуктарга атайын белги коюлуп, Мамлекеттик кɵзɵмɵлдɵɵ департаментинин санитардык-эпидемиология жана экспертиза бөлүмүнө атайын текшерүүгө жөнөтүлдү.
Бул оюнчуктар бир апта бою алты кɵрсɵткүч — жыты, сырткы көрүнүшү, формальдегид, стирол, фенол, свинец жана оюнчуктун боегунун нымга (түкүрүккө, терге) болгон чыдамдуулугу боюнча текшерүүдɵн ɵттү. Жыйынтыгында, беш оюнчуктун экөөсү таптакыр эле сатып алууга болбой тургандыгы аныкталды.
«Человек-паук» базар баасы боюнча анча арзан эмес оюнчук: анын курамындагы формальдегид көп же аз болбогон -0,1 деген көрсөткүчтө экендиги такталды, ал эми баасынын арзандыгынан эң көп сатылган желимден жасалган топ балдар үчүн абдан зыяндуу экендиги аныкталды.
Лабораториялык иликтөөнүн протоколу көрсөткөндөй, феноланын өлчөмү бул оюнчукта мүмкүн болгон ченден бир канчага ашып турат. Маселен, резина тобунда мүмкүн делинген 0,05 кɵрсɵткүчтүн ордуна 0,16 кɵрсɵткүчү аныкталган.
Расмий медициналык маалымат боюнча, эгерде жаш бала курамында көп өлчөмдөгү фенол заты бар оюнчук менен көп ойносо, аталган зат менен ууланып калат, ал өз мезгилинде баланын салмагынын жоголушуна, баш айлануусуна, шилекейинин агуусуна, алсыздыгына жана булчуң эттеринин оорусуна алып келет.
Айтып кете турган нерсе, бир дагы оюнчукта аны чыгарган тарап оюнчуктун качан иштелип чыккандыгы тууралуу датасын жазган эмес, демек оюнчукту колдонуу мөөнөтү белгисиз.
Лабораториялык изилдɵɵлɵрдүн жыйынтыгын ушул шилтемеден карасаңыз болот: rezultaty-laboratornyh-issledovanij.
Өмүргө коркунучтуу!
Адистердин айтмында, көбүнчө жашы эң жаш — үч жашка чейинки балдар үчүн жасалган оюнчуктардын курамында өмүргө коркунучтуу делинген заттардын өлчөмү абдан эле көп. Курамында фенолдун өлчөмү абдан эле көп оюнчуктар өмүргө эң коркунучтуу делинген оюнчуктар болуп саналышат. Анткени мына ушул зат жаш баланын денесине дем алуу органдары аркылуу кирип, бөйрөктө топтолуп, баланын жалпы саламаттыгынын начарлоосуна алып келет.
Ошол эле формальдегид деп аталган зат да денеге абдан зыяндуу болот. Аталган зат баланын борбордук нерв системасын, терисин бузуп, дерматит болушуна алып келет. Бала жөтөлүп, алсыз болуп, денеси кызарып, куса баштайт. Ал эми свинец деп аталган зат болсо, баланын акыл эсинин өсүүсүнө тескери таасир берет.
Адамдын денесине эң зыяндуу заттар, көбүнчө үч жашка чейинки жаш балдар үчүн жасалган оюнчуктардан табылган.
Эң коркунучтуу жери, оюнчук сууга тийгенде химиялык реакция ыкчам жүрөт. Баланы жуунтканда же оюнчук сууга тийип калганда, же баланын шилекейи менен реакция жүрөрү аныкталган. Анткени үч жашка чейинки балдар, эсине кире элек болгондуктан, бардык эле нерсени оозуна сала берери ар бир ата-энеге маалым.
Баланын денесине киргенден кийин бул заттар акырындык менен бөйрөккө жана боорго топтолуп, жарыла турган «бомба» сыяктуу түргө ээ болот.
Баланын организми чоңдордукундай болуп мындай уулуу заттарга каршы өз алдынча күрөшүп же уулуу затты денеден чыгарууга жөндөмсүз. Ошентип, арадан билинбей беш же он жылдар өтүп, оору акырындык менен айыккыс баскычка жетип, рак шишигине же башка дартка айланышы толук ыктымал. Ошол эле мезгилде, баланын эмнеден улам ушундай ооруп жаткандыгын ата-эне, даарыгерлер аныктай алышпайт, анткени баланын ден соолугу начарлап, эч нерсе жегиси келбей кусуп баштаса, оорунун мындай белгисин дарыгерлер көбүнчө кайсыл бир тамакка болгон аллергия дешип, дарттын пайда болуу себеби оюнчуктан экендигинен эч убакта күмөн санашпайт.
Расмий түрдө биринчи жолу Кыргызстанда оюнчуктан уулануу фактысы 2010-жылы катталып, ММК жарыяланып, аны Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери тастыкташкан. Иш жүзүндө мындай фактыларды көп эле божомолдоого болот дешет адистер.
Марина Невзорованын өспүрүм кызы үч жыл илгери катуу ооруга чалдыккан. Апасы кызына жаңы оюнчук алып бергенден кийин ушундай ооруга чалдыкты деген күдүк ойдо келет.
Желимден жасалган оюнчуктар — балдардын саламаттыгына зыян келтирүүчү бирден бир коркунучтуу булак.
«Ал күнү бардыгы күндөгүдөй эле өтүп жаткан. Биз эртең менен тамак жеп, ойногону сыртка чыктык. Паркта басып жүрсөк кызым анча кымбат эмес, желимден жасалган оюнчукка абдан кызыкты. Мен аны кызыма сатып бердим. Мен оюнчукту үйдөн таза кылып жуудум, анткени кызым бардык нерсени оозуна сала бере турганын билчүмүн»,- деп баштады өз сөзүн маектешим. Кечинде кызымдын табы айнып, кусуп, беттерине кызыл нерселер чыгып кетти. Биз дароо тез жардам унаасын чакырып, инфекциялык ооруканага бардык.
«Мен дароо эле оюнчуктан шек санадым, ал эми дарыгерлер болсо, кайсыл бир тамак-аштан ууланган деген диагноз коюшту. Ооруканада бир нече күн жатып, даарыланууга мажбур болдук. Көп өтпөй бир аз жакшы болуп калгандыгыбызга байланыштуу ооруканадан чыктык», — деп сөзүн улады Марина.
«Түнү кызым кайрадан ооруп чыкты. Ал желим оюнчугу менен ойногондон тартып кайрадан ооруй баштагандыгын мен байкадым. Бул жолу мен балээнин баары оюнчукта экендигин ачык эле сездим. Өзүмдүн мындай оюмду дарыгерлерге айттым. Менин мындай аракетим кызымды даарылоодо жардам берди. Ал үчүн көптөгөн анализдерди тапшырууга мажбур болдум. Анын баары абдан кымбатка турду. Мен дароо оюнчукту ыргытып, кызымды даарылоо менен алектене баштадым. Кудайга шүгүр, бардыгы жакшы. Бирок ошондон бери кызым дем алуу органдарынан жабыркап келет. Мындан улам мен кызымдын мындай оорусу астмага өсүп кетпесе деп чочулайм», — деп сөзүн бүтүрдү жети жаштагы Настянын апасы.
Өткөн жылдардагы тажрыйбалар
Беш жыл илгери Кыргызстанда «Балдар буюмдары зыянсыз болушу үчүн» деп аталган аймактык долбоор ишке кирген. Анын курамына көз карандысыз эксперттер, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик санэпид кɵзɵмɵл департаментинин адистери киришкен. Натыйжада, долбоордун катышуучулары төмөндөгүдөй маалымат беришкен:
Жылына, 2004-жылдан бери карай, Мамлекеттик санэпид кɵзɵмɵл департаментинин адистери тарабынан жүздөн үч жүзгө чейинки сандагы оюнчуктар атайын текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Алардын көпчүлүгү курамындагы фенол, формальдегид, стиролдун өлчөмүнүн деңгээли боюнча талапка жооп беришпей тургандыгы такталган. Оюнчуктардын курамындагы аталган заттардын өлчөмү жетишээрлик ченден беш жана андан көп эсеге көптүк кылат. Мындай учурлардын баарында эле административдик чаралар көрүлбөйт. Анткени мындай кемчилдиктер ишкерчиликти токтотуп коюуга негиз боло албайт. Ишкерге акт жазылып, бир айдын ичинде мындай кемчиликти жоюу талап кылынат. Ошентип, мындай жаман сапаттагы товарлардын сатылышын толук тыйып коюуга мүмкүн эмес.
Оюнчук сатылган базарлардагы мындай оор кырдаал тууралуу Коопсуздук кеңешине, КР Экономика жана өнүктүрүү министрлигине, Финансы полициясына, ал тургай Мамлекеттик бажы комитетине, Кытай элчилигинин алдындагы соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчисине кат жөнөтүлгөн, бирок алардан жооп келген жок.
Ким жоопкерчилик тартат?
Иш жүзүндө мындай көйгөйлүү маселелерге жооп, балдардын оюнчуктарынын коопсуздугун камсыз кылуучу мыйзамдарда жаткансыйт. Балдар кодексинде «Балдар үчүн сапаттуу товарлардын келишине өкмөт милдеткер» деп жазылган. Ал эми «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамында», сатылып алынган товарлардын сапаты жетишээрлик деңгээлде мыкты болушу зарылдыгы айтылган.
Иш жүзүндө кандай болуп жатат?
Биз «Дордой», «Ош» базары, «Орто-Сай» базарларындагы жаш балдарга оюнчук саткан жерлерди кыдырып, алардан балдардын оюнчугун сатууга атайын уруксаты бар же жок экендигин сурадык. Ар бир ишкерде мындай документ болушу зарыл жана алар мындай документти сураганда дароо көрсөтө алышы керек эле.
Кабарчыбыз өзгөчө түрдүү түстөгү желимден жасалган оюнчук саткандардын баарынан сурады. Бир дагы ишкер мындай документти көрсөтө алган жок.
Ишкерлердин дээрлик баары тең «Бизден мындай документти эч ким сурабайт», — деп жооп беришти. «Бул жерден силер мындай документти эч кимден таба албайсыздар. Биз товарды Кытайдан алып келебиз. Ал үчүн мындай документтин кереги жок. Туура, билебиз, мыйзам бар. Бизге буга чейин эч ким даттанган жок. Андыктан сертификаттын эмне кереги бар», — деп таң калды «Дордой» базарындагы сатуучу кыз.
«Ата-энелер акчаны үнөмдөп, товарды арзан сатып алууну каалашат. Кымбат оюнчуктарды баары эле сатып ала алышпайт. Ата-энелердин бири дагы менден сертификат же чек сурай элек», — дейт «Орто-Сай» базарындагы сатуучу. Бардык эле жерде ушундай аргументтерин айтып жатышты.
Мындан улам, биз санэпид кɵзɵмɵлдүн адистери кайда карап жатышат, эмне үчүн алар иштешпейт деген суроо менен аларга кайрылдык.
«Товарды сатыктан алдырып коюу абдан оор, бир топ кыйынчылыктар менен ишке ашырылат. Лабораториялык иликтөө он күндүн ичинде даяр болот. Мындай убакыттын ичинде баягы сатуучу өз товарын сатып бүтүп коет же ал жерден кетип калат. Биз мындай кырдаалга бир нече жолу дуушар болдук», — дейт Мария Кушубакова аттуу адис.
IWPRдын кабарчысынын желим топтун курамындагы фенолдун ашыкча экендиги тууралуу лабораториялык иликтөөнүн жыйынтыгын көрсөтүп, ушул кагаз менен барып, базарды текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылганда, тиешелүү адис мындай өтүнүчтү аткаруудан баш тартты.
«Мындай текшерүү жүргүзүү үчүн биз «Ишкерлер тууралуу» мыйзам боюнча иш алып барышыбыз зарыл. Ал үчүн ишкерди текшерүү тууралуу он күн мурда эскертип, текшерүү үчүн тиешелүү министрликтерден уруксат алышыбыз керек. Бул мезгилге чейин мындай товар сатылып бүтөт же сатуучу башка жакка качып кетет. Мындай учурлар башыбыздан өткөн», — дейт Кушбакова.
Мындай кырдаалды өзгөртүү үчүн аракеттер болгон. 2011-жылы «Көз карандысыз экологиялык экспертиза» деп аталган коомдук уюм бул маселе боюнча көпкө иш алып барып, Кыргыз өкмөтүн балдар оюнчуктары боюнча жетишээрлик аракет жасабайт деп сотко берген. Натыйжада, мындай арызды кайра чакырып алууга туура келген.
«Биз мындай кадамга барууга аргасыз болдук. Анткени өкмөт жоопкер катары Мамлекеттик санэпид кɵзɵмɵл департаментин белгилеп койду. Иш жүзүндө бул мамлекеттик орган күнөөлүү эмес, конкреттүү чараларды көрүүгө ыйгарым укуктары да жок», — деп жооп берди «Көз карандысыз экологиялык экспертиза» уюмунун өкүлү Олег Печенюк.
Бажы кызматы да бул маселени чечүүгө кызыккан жок. Чек ара аркылуу товарлар тынбай өткөрүлөт. Ал жерде санэпидстанциянын адиси жок. Ошондой эле, дароо иликтөө жасаганга лаборатория да жок. Болгону ал жерде документти текшерген адис гана отурат.
«Ошол эле мезгилде Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн аймагында мындай лабораториялар бар. Ал жерде товардын документтери, техникалык талаптарга жооп берери тууралуу сертификат жана башка документтер сөзсүз текшерүүгө алынат», — дейт Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мусурканов биз менен болгон маегинде.
Ошентип, көйгөй чечилбей, ал эми балдар коркунучта калышууда.
Ата-энелерге сунуштар топтому
Иликтөөнүн жыйынтыгына кайрылуу менен баасы жогору болсо эле оюнчуктун сапаты жакшы деп айтууга болбой тургандыгын аныктадык. Ошол эле мезгилде, оюнчукту туура тандаса болору белгилүү болду. Сыртында орусча котормосу бар оюнчуктар сырткы көрүнүшү да жакшы, жыты да жок, текшерип келгенде зыяндуулугу да жок экендиги такталды.
Адистердин айтымында, жыгачтан жасалган оюнчуктар да балдардын ден соолугуна зыяндуу эмес экендиги такталды. Жыты жок жана даярдоодо химиялык заттар колдонулбагандыгы белгилүү болду.
Ошол эле мезгилде, эсиңиздерге тутуңуздар: оюнчуктун ачык түскө боелушу жана жумшак болушун анын артыкчылыгы гана эмес, жетишпеген жагы катары кароого болот. Анткени мындай оюнчуктар көбүнчө пластизоль сыяктуу зат колдонулуп жасалаары белгилүү.
Товар кайсыл өлкөдө өндүрүлгөндүгү же анын баасы бардык эле учурда товардын сапаттуу экендигинен кабар бербей тургандыгы аныкталды. Жыгачтан жана темирден жасалган оюнчуктар эң коопсуз оюнчуктар катары кароого болот.
Мындан сырткары 20 жылдык тажрыйбасы бар, врач-терапевт-инфекционист Гульнура Кадырова мындай кеңештери менен бөлүштү:
- Оюнчуктун сыртында кутучасы жана жазуулары барбы же жокпу текшерүү зарыл. Техникалык талаптарга ылайык, ар бир оюнчуктун сыртында жазуулары болушу зарыл жана ал жерде оюнчук тууралуу мамлекеттик же расмий тилде кыска маалымат берилет.
- Оюнчукту тандап жатканда, жыттап, кармалап текшерип кɵрүү зарыл. Эгерде оюнчуктан ар түрдүү жыт ачык сезилип турса, бул ал оюнчуктун курмында уулуу заттардын бар экендигинен кабар берет.
- Үндү да текшерүү керек. Сапаттуу механикалык же алыстан башкарылган оюнчуктар дээрлик үн чыгарбай иштеши шарт. Оюнчуктун үнү катуу чыкса, ал дагы баланын кулагындагы угууну камсыз кылган кулактын тарсылдагына зыянын тийгизет.
- Оюнчукту нымдуу кагаз менен сүртүп көргүлө. Эгерде боегу чыкса, анда аны сатып албай эле койгон оң. Сапаттуу оюнчуктардын боегу оңойлук менен чыкпайт.
- Оюнчукту спирт же муздак суу менен жууп кою зыяндуулукту толук кетирбейт.
- Ысык сууга кайнатуу же таза жууп кою оюнчуктарды уулуу заттардан арылтпайт. Тескерисинче, кайрадан уулуу заттардын бөлүнүп чыгуусун күчөтөт.
- Ондогон сапатсыз оюнчуктан көрө, бир-эки сапаттуу оюнчук сатып алган туура болот.
Эң башкысы, мамлекет тарабынан анча деле маанилүү маселе катары каралбай жаткан шартта, өзүңүздөргө эң кымбат болгон балдарыңыздарга оюнчук сатып алууда абдан этият болуңуздар демекчибиз.
Авторлор: IWPRдын Журналисттик иликтɵɵ бюросу долбоорунун катышуучусу Мария Зозуля жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү Вероника Безумова.
Бул иликтөө IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросунун долбоорунун алкагында даярдалды. Башка макалаларды www.cabar.asia сайтына кирип окусаңыздар болот.