Кыраан журналист, жан дүйнөсү акактай таза эле…

Кыраан журналист, жан дүйнөсү акактай таза эле...

Эртең, 10-октябрда, кыргыз эли белгилүү журналист, котормочу, жазуучу, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов менен коштошот.    

Ишенбейбиз!

Айгерим Жумагулова, кызы:

“Эч качан ишенбейм! Эми сизден “Ата” деп коңгуроо келбейт, телефон трубкасынан “кызым” деген коңур добуш жаңырбайт!”

Касиет Жумагулова, кызы:

 “Менден кеткен каталарым үчүн кечирим сурайм, атаке! Сиздей мээримдүү, чынчыл, калыс, күчтүү адамга рахмат! Сизди биз эч качан унутпайбыз, сиз ар дайым биздин жүрөгүбүздө болосуз!”

Заирбек Бактыбаев, журналист:  

“Султан агай артына бай мурас калтырып кетти”  

“Азаттыкта” иштегениме көп деле убакыт боло элек эле, берилген тапшырманы өз деңгээлинде аткара албай калсам, кабинетине чакырды. Барганда эле алдын- ала камдап алган сөзүмдү айттым: “Агай, мен сиз күткөндөй иштей албайт окшойм. Сизди да, өзүмдү да, уят кылбай жумуштан кетейин” дедим. “Кетпе” деп калтырып койду. Бышпай калган макалаларымды өзү кемелине келтирип коёр эле. Журналисттик материал үчүн текст жазууну чыны менен Султан агайдан үйрөндүм десем жаңылышпайм.

Агай турмушта да устат эле. Дайыма сергек жашоону, спортту, футболду сүйгөнгө үндөчү. Жайы-кышы дебей, мейли кар, мейли жамгыр жаасын, өзү демилгечи болуп футбол оюнун уюштурар эле. Жакынкы кезге чейин эле кыш чилдеде футбол аянтчасын Султай агай өзү баш болуп күрөп, карын тазалап, оюн ойногон күндөрүбүз болду.

Мамлекетчил, эли үчүн күйгөн инсан эле. Султан агай артына “Кыргызча жашоо бормулалары” сыяктуу көп маданий жана адабий мурас калтырды, ондогон шакирттерди даярдап кетти”.

Бейшенбек Бекешов, журналист:

“Кыргыздын, элеттин, Ат-Башынын кулуну, жан дүйнөсү акактай таза эле…»

“Жаш кездеги дос жан дүйңөңдө бир туугандан да жакын болуп калат экен. Султан экөөбүздөн ынак достор жок эле. Бир группада окудук, бир бөлмөдө жашадык. Анан кырктын кырына чыккыча коюн-колтук алышып катыштык. Кийинчерээк экөөбүзгө көз карандысыз септер менен мамилебиз солгундап кетти. Бирок бир боор бойдон кала бердик. Аныбыз ал ЭлТРге чоң болуп келип, мен ага орун басар болуп иштешкенде да көрүндү. Анан КТРКга жетекчи болуп кетип, андагы арамдар аңга салганда элтрчилер түп көтөрүлүп коргоп, намысын талаштык.

Сукемдин айыккыс илдетке кабылганын кечигип билип, дароо жетип бардым. Менин Хашим табып деген досум бар, ошого алып барайын деп. “Сага миңдин бири ошо” деп, ал тууралуу китепчемди да колуна бердим. Досум көп муюбады. Химиятерапияны көп алып, алым кетип турганы болбосо, анализдеримдин баары жакшы, оорумду жоготту түркиялык врачтар деди.

Көп өтпөй Сукемдин кайра жыгылганын уктум. Карындашы Зуура чалат “Эптеп алып баралы, байкем ага ынабай жатат” деп. Сукем экөөбүз телефондон сүйлөштүк. “Түркиялык врачтарга бир барып келейин. Самолетко билет да алынып калды. Көп болсо 4-5 күндө кайра келем. Ошондон соң барайын Хашимге” деди ал. Ошол бойдон кетти досум…

Кайран Сукем ашынган батышчыл эле. Экөөбүз ЖОЖдо окуган немис тили аз көрүнүп, англис тилин өз алдынча үйрөнүп, эркин сүйлөп калган болчу. Айылдан орусча он ооз сөз билбей келсе, Пушкиндин тилинде көркөм чыгарма жазуу даражасынга жеткен баатыр эле. Батыштын демократиясына, деги эле батыштан келген нерсенин көбүнө, анын ичинде медицинасына да укмуштай ишенчү.
Ошентсе да ал элдик, элеттин,  айтылуу Ат-Башынын кулуну, жан дүйнөсү акактай таза, элдин баарын өзүндөй көрүп ишенген, көп учурда ошол ишеничтин курмандыгы болгон айкөл, өзү үчүн эмес, жалаң өзгөлөр үчүн жашап өткөн кыргыздын кыраан журналисти, көркөм сөздү, айрыкча сатира менен юморду, катыра жазган чебер жазуучусу болчу.
Жараткан Кудай Бейишиңди берип, жасап кеткен сансыз сооп иштериңдин жылуусу чын дүйнөдө тийсин, асыл досум!

Тимур Токтоналиев, журналист:

“Ала Тоонун мыкты жигити болдуңуз!”  

“Султан агай, сиздин түрткүӊүз, кеӊештериӊиз аркылуу сонун репортаждарды даярдадым, журналистикада өзүм билбеген жөндөмдүүлүктөрдү ачтым, кыргызча жазганды үйрөндум. Сиздин мага жасаган жакшылыктарыңызды жашым өйдөлөгөн сайын тереӊирээк түшүнүп, ыраазы болуп жүрдүм. Мен үчүн Султан агай бойдон кала бересиз. Сиздин кеп-кеӊештериӊиз, журналистикадагы натыйжалуу иштөө системаӊыз турмушта колдонулуп, жайылтылып жүрөт. Мага эле эмес, дагы далай журналисттерге кошкон салымыӊыз, журналистика, маданият жана коомдук тармактагы ишмердүүлүӊүз аркылуу Кыргызстанга, анын элине жакшы кызмат кылып, Ала-Тоонун мыкты жигити болдуӊуз. Кош болуӊуз, Султан агай!

Айгүл Бакеева, журналист:

“Кыргыз журналистикасына көп эмгек жасады!»

“Султан Жумагулов группалашым болчу. Биз окууга жаңы өтүп жаткан жылы кыргыз адабияты жана тилинен кирүү экзаменин тапшырып жатабыз . Мага №1 билет келди. Биринчи суроо Токтогулдун “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду!” аттуу ыры, мааниси ж. б. эле. Ырдын эки куплетин жана маанисин да билем, дагы куплеттери эсиме келбей жатты. Экзаменге киргендердин арасында арыраак жакта бир жигит отуруптур. Ага “ушул ырдын кийинки куплеттерин билесизби?” деп кагазга жазып ыргытып ийсем, ал ырдын бүт куплетин жазып жибериптир. Ырды мурун да билчүмүн, унутканымды бир окуп эле жаттап алдым.
Жооп берерге келгенде мен ал ырдын баарын жатка айтып бердим, маанисин, билеттин кийинки суроолоруна да жооп бердим. Экзамен алып жаткан Качкынбай Артыкбаев агай телевидениеге тарттырды.
Эшикке чыксам, тургандардын баары куттуктап жатышты. Көрсө экзаменге жооп берип жатканда телевидениеге тартканды түз алып көрсөтүшүптүр. Ошону менен кыргыз адабияты жана кыргыз тилинен “5” алып, калган экзамендерди да тапшырып, окууга өтүп кеттим.
Андан кийин студенттерди Таласка, Көк-Дөбөгө, иштегени алып барышты. Күзүндө окууга келгенде, баягы мага Токтогулдун ырынын кийинки куплеттерин жазып берген “байке” көрүнбөй калды. Бир семестрден кийин группага бир жигит келип “Мени тааныйсыңбы?” деди. Көрсө, ал мага экзаменден жардам берген “байке”- Султан Жумагулов экен. Окууга өткөнгө өзүнүн баллы жетпей калып, бир семестрден кийин студенттикке кандидат болуп өтүп, кийин кадимкидей студент болуп келди.
Ошону менен окууну да аяктап, журналисттик кесипке ээ болуп, ар кимибиз ар кайсы басылмада иштеп калдык. Султанбек Жумагулов мен айрыкча сыйлаган журналисттердин, жетекчилердин бири болду.
Катуу ооруп жатканын угуп, кабарлашсам, эч нерсе болбогондой, кайратынан жазбай жакында жумушка чыгаарын айткан. Анан жумушка чыгып алыптыр.
Кыргыз тилдүү журналистикага, кыргыз маданиятына  көп эмгек жасап кеттиң, Султан!  Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине министр болуп дайындалып, жаңы иделарды көтөрүп, ишти жаңы жылдырда дартка кабылып калбадыбы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты