Канатбек Абдыкеримов Кыргыз темир жолунун башкы директору болуп дайындалды
- 6 лет мурун
- Баяндар
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Канатбек Абдыкеримов “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович 1967-жылы 20-майда Фрунзе шаарында туулган. 1984-1991-жылдары Москва ветеринардык академиясында окуп, зооинженер кесибине ээ болгон. 2015-жылы Кыргыз агрардык университетинин уюштуруу жана башкаруу боюнча инженер кесибине ээ болгон. 2008-2018-жылдары “Кыргыз темир жолунун” темир жол курулушун долбоорлоо дирекциясынын директору болуп иштеген.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!