Бишкекте шамал, мөндүр түштү. Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрүшү күтүлөт!
- 6 лет мурун
- Блог
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 24-майда, түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөрүн билдирүүдө. Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу.
Бүгүн, 23-майда, Бишкекте шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетип жатат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
23-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!