Бүгүн Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү боюнча 1-улуттук форум өтөт

Бүгүн Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү боюнча 1-улуттук форум өтөт15-16-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хана Фонду менен өнөктөштүктө Кыргызстан Өкмөтүнүн колдоосу астында “Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечеги” аттуу 1-улуттук форуму өтөт.

«Ар кандай өлкөдө кедейликтен арылуу жолдорунун бири – кенже курактагы балдарды өнүктүрүү үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү», – деп белгилейт КР экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева.

Иш-чара балдарды эрте өнүктүрүүнү илгерилетүүгө жана адистерди кесипкөйлөштүрүүгө багытталган. Кенже балалык мезгилди (7 жашка чейин) адистер «сыйкырдуу» курак деп аташат. Кенже курактагы балдардын ар тараптан өнүгүшүндө чечүүчү ролду чоңдор ойнойт. Туулгандан 3 жашка чейинки куракта балдар дене бой, когнитивдик (акыл-эс), эмоциялык жана социалдык жактан алда канча өнүгөт. Бул куракта баланын мээси алда канча активдүү өсөт жана өнүгөт. Ошондуктан балан эрте өнүктүрүүгө маани берүү керек.
«Кыргызстанда 2 миллиондон ашык бала жашайт, бул калктын дээрлик 40%ын түзөт. Инвестициялар өтө маанилүү. Кенже курактагы баланы өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар болжол менен 7 доллардык киреше берет. Бул кайтарым билим берүү жана саламаттык сактоо жагындагы натыйжаларды жакшыртуунун, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнүн жана бакубаттуулукка көзкарандылыкты төмөндөтүүнүн эсебинен алынат. Ал ошондой эле улуу курактагы калктын ар жылдагы жекече кирешесин дээрлик 25 пайызга жакшырта алат», — деп белгилейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Балдарды эрте өнүктүрүү процессинде маанилүү ролду мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө эмгектенгендер йнойт. Бирок мугалимдердин 20%ынын гана мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштөө үчүн зарыл билими бар, башка мугалимдердин көпчүлүгү талап кылынган окутуудан өткөн эмес. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген, балдардын көпчүлүгү алардан пайда албаган айрым стандарттар бар.

Форумда бул тармактагы адистер арасында кандай кадамдарды түзүү боюнча маселе талкууланат.
Иш-чарага КР экс Президенти Р. Отунбаева, КР ЖК депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, ЮНИСЕФтин аймактык офистеринин жана Бишкектеги Ага Хан Фондунун, Дүйнөлүк фонддун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин башчылары, өнүктүрүү боюнча өнөктөр, эксперттер, ата-энелер ассоциацияларынын өкүлдөрү, ата-энелер катышмакчы. Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, ЮНИСЕФтин Женевадагы аймактык офисинин өкүлдөрү, АКШ, Улуу Британия, Австрия жана Түркиядан келген эксперттер катыша тургандыгы күтүлүүдө.

«Форумдун ишинин жыйынтыктары боюнча бардык таламдаш тараптарды тартуу менен кенже курактагы балдарды өнүктүрүүнүн абалын жакшыртуу боюнча иштиктүү диалог үчүн туруктуу иштеген аянтчаны түзүү пландаштырылып жатат», — дейт алдыдагы форум жөнүндө Ага-Хан Фондунун директору Жамиль Уддин.

Пленардык жыйналыш Форумдун экинчи күнү өтөт. Анда : КР билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Гамбург Университетинин профессору Манфред Претист жана Мэри О Рейли, Нолетты Смит сыяктуу бир катар эксперттер, башка чет өлкөлөрдүн адистери сүйлөйт. Ошондой эле 5 секцияда тематикалык талкуулоонун жыйынтыктоо презентациясы өтөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты