Президент Сооронбай Жээнбеков: “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”
- 6 лет мурун
- Баяндар
“Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”, — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
Ал кийинки кезде “Президент Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат” деген пикирди коомго сиңирүү аракеттери күчөп жатканын белгиледи.
“Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт! деп белгиледи Президент.
Ал элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөгөнүн, өзүн жалпы Кыргызстан элинин Президенти катары милдетин аткарып, журтуна кызмат кылаарын белгиледи.
“Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт!” деди.
Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда.
Буга чейин мамлекет башчы Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.