Албек Ибраимовдун бир шилтемдери   

Албек Ибраимовдун бир шилтемдери   

Бишкек шаардык кеңешинин “Республика-Ата журт” фракциясы 25-апрелде шаардын мэри Албек Ибраимовдун отчетун укту. Ошондон кийин мэр “Апрель” телеканалынын түз эфиринде маек берди. Көрсө, Албек Ибраимовдун куудулдук өнөрү да бар тура. Анын айткандарынан алынган бир шилтемдерин окуп коюңуздар!

“Жетекчиси жок калган класстай“

—Мындагы алгоритм мындай: Азыр бул партия (“Республика-Ата журт” — ред.) бүгүн жетекчиси жок калган класстай…

—Мен ал жолугушууга бара жатканда жана биз сүйлөшкөндө эле, кандай да болбосун, чечим мурда эле кабыл алынып коюлганын билдим. Биз ал жакта 4,5 саат олтурдук, мен берилген суроолордун баарына жооп берүүгө аракеттендим, бирок баары мурда эле чечилип коюлган.

—Айрым суроолор айран таң калтырды. Мисалы, “Неге Бишкекте шамал катуу болду”, ”Мэрдин неге шамалдан коргоп кала турган компетенциясы жок” деген сыяктуу. Менин компетенцияма кирбеген суроолор.

—Бишкек шаардык кеңеши Жогорку Кеңешке окшош эмес, полномочиеси башка. Мыйзамдын тамгасына таянып, мэрди чакыруунун өзү мыйзамсыз дедим.

Ушакты Канат Мүзүралиев тараткан

—Саясий боекту көргөнгө кечээки күнгө чейин (25-апрелге — ред.) мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мен чарбалык иштер менен алек болуп жүрдүм.

—Өз ирети менен жүрө турган нерсени, шаштырып, жар салып жасаштын кереги бар беле?

—Отчеттон качпайм, жасалган иштер көп.

—Отставкага кетет деген, кыргызча айтканда, ушактан чыгыптыр. Ушакты мени менен чогуу иштеп жүргөн, фракция лидери да эмес, жанымда эле жүргөн Канат Мүзүралиев таратыптыр. Аны өзү да мойнуна алды.

—Мен кызматтан кетпейм.  4 жылдык программа 4 жылда аткарылат экен.

—Кетпейм деп койсо, өмүр бою иштеген киши жок.

—Качан кетем деп да ойлогон эмесмин.

—Мен реалдуу сектордо иштеп, реалдуу программа жазылды.

—Программа жазып жатканда, алыңа жараша жасаш керек.

—Программа максат да. Изденүүлөр башталат.

—Кээде ашыкча каражат короп кетиши ыктымал. Турмушта баарын эсептеп кое албайт экенсиң…

—“Кадрлар баарын чечет”. Соратник болуп, чогуу иштеш керек.

—Бишкек шаардык кеңеши функциясынан ашып кетип жаткандай, Жогорку Кеңештей,  айлык алып иштеп жаткандай кырдаал түзүлдү.

Шашылыш болуп кетсе, ишенбестик көрсөтүлүп калышы да ыктымал

—Отчет деген пландуу иш-чара болуш керек.

—Депутаттардын иш-аракеттеринин алгоритми мага түшүнүксүз.

—Карышкырдан коркуп, токойго барбай коймок белек?

—Бир командага чогулуп, натыйжага жетиш керек. Мен ушуга гана өкүнүп калышым мүмкүн.

“Азыр отунчу дешсе, көчөттөр өсүп чыкканда, мени жаратман дешет”

—9 миң сом социалдык түйүндөн алынды. Фактыга орто санды бөлүп коюшту.

—Бир дагы жергиликтүү питомник тиешелүү бийиктиктеги, тиешелүү өлчөмдөгү көчөт менен камсыз кыла алган жок. Ошондуктан биз аны чет өлкөдөн сатып алдык.

—Ал көчөттөрдүн көбү бүрдөп кете албайт.

—Мен бир да тендер катышуучуларын алдын-ала билбейм.

—Бишкек шаарында 248 миң бак бар, короодо ж.б. элге таандык. Үй алдындагы бизге тиешеси жоктор да бар. 840 бак кыйылат. Аргасыз бак кыюу деген бар, коммуникация тушунда. Илимдер Академиясынан корутунду алдык.

—Ойлоп тапкан эч нерсе жок. Биз мыйзамды так, учурунда иштешибиз керек. Ар нерсенин мыйзам, регламенти бар. 11800 бак тигебиз.

—Көчөт тигүүгө атайын агроном келет. Бир жыл ичинде биздин адистерге үйрөтөт. Бүгүн жабдуу алса да, аны тейлөөгө кепилдик берилет.

—Автобус күн сайын кыймылга келип турат экен. Тейлөө сервисинин баары анын баасына кирет.

—Бактарга баарын киргиздик, кантип караш керек, кантип сугарыш керек деген.

—Соц түйүндөргө чыгып, мен нааразылыктарды билдире айта албайт экенмин…

—Буга чейин бакты кыйбай, бак элге, машиналарга кулап түшчү. Анткени Кытай гранты жок болчу анда.

“Жолдор кар сыяктуу эрип кетпейт”

—Акыркы 5-7 жылда машина көбөйдү. Автобус үчүн чоң жол куруш керек.

—Бир маселени чечип, дагы толтура көйгөйгө туш болобуз. Коммуникацияны алмаштырабыз.

—Акыркы тротуар өткөн кылымдын 70-жылдары курулган.

—Соц. түйүн ушундай бир структура экен, ал жакта сөгүнсө да болот экен. Мени азыр отунчу дешсе, бактар дүркүрөп өскөндөн кийин, жаратман деши мүмкүн.

—Жолдор кар сыяктуу эрип кетпейт. Биз кытай грантынын жана жергиликтүү каражаттын эсебинен 77 чакырым жол салдык. Эрте жазда баарын эсептесек, жарабаган жери 0, 2 пайыз, 2 миң чарчы метр экен. Бул сан эсимен кетпейт. Анын баарын подрядчы оңдойт.

—Сейил бактарда эл басып, эс алып, ден –соолугун оңдосун деп аракет кылып жатабыз. Көп эле ыңгайсыздыктар Бар эле… Суу, ажаткана жок болчу. Бар, бирок, айылдардагыдай, суусу жок.

—Июнда төрт паркты беребиз.

“Диванда жаткан эксперттер”

—Канчанчы апрель болуп калды? Мен числону дагы…

—Кайта кыш болуп калат…

—ГУМ ачылып жатканда анын ээси акчаны үнөмдөгөн…

“Кээ бир депутаттар жөө баскандан уялышат”

—Мэр баарын билиш керек дешет. Шамалды тосуп калган жоксуз дешет.

—Суроолорго жооп бериш керек экен, жооп бербесең компетенттүү эмес дешет.

—Биздин жолдордо “туташ люктар”.

—Биздин шаар— жаш шаар.

—Бир люктун баасы биз жасагандан беш эсе болуп кетет экен.

—“Арзандын пулу татыбайт”. Эртең эле “алтын люктарды алып келди» деп чыгышат.

—Каалоо жоктугунан эмес, каражат жоктугунан болот көп нерсе.

—Кээ бир депутаттар жөө баскандан уялып, машина менен гана жүрүшөт. А мен жөнөкөй эле эл арасында чоңойгом.

—Эгер биз кыйбасак, бактар карыганынан кыйрап калышмак.

—Шаардыктардын суроосунун ар бирине даярданып жооп бериш керек.  —Сиз эмнеге  Хоттабыч-чал эмессиз деп шаар депутаттары суроо бергендей эмес да.

—Биз дайыма изденүүдөбүз. Азыркы заманга шайкеш келиш керек. Бюджет ишканалардын, элдин салыгынан куралат. 8 млрд жакын бюджет абдан социалдык, инфляция, болсо да, долларлын курсу жогоруласа да көбөйбөйт.

—Биз өсүү чекитин издеп жатабыз.

—Ички миграция күч. Оорулуу балдары барларды базардан көргөндө жүрөгүм зыркырайт.

—Мэриянын жолу менен тротуары эле бар. Ош базарынын баары ишкерлердин менчиги.

—Ар бир 10 метрге милиция коебузбу?

—Эски жолду күтүү жаңы жол салуудан кымбат болот.

Ош базарындагы өрт тууралуу суроого:

—Жийиркеничтүү нерсенин баарын ким жазып жатат? Аны диванда жаткан эксперттер жазууда. Алар өмүрү эшикке чыгып көргөн эмес, коомго да пайдалуу нерсе жасап көргөн эмес. Абада асылган, виртуалдуу дүйнөдө жашап, өздөрүн акылдуу сезишет.

—Ар дайым план болуш керек Биз план дегенди унутуп калдык. Менип апам мугалим болуп, план жазчу. Биз шаар болуп, эртеңки күндү, келечекти ойлошубуз керек.

—Бизге окшогон шаарларда базар шаарга кире бериште, ыңгайлуу болуш керек. Базарга ким келет? Өз продукциясын сатам дегендер, сатып алам дегендер келет. Ойлонуш керек базарды курганды. Тилекке каршы, Сокулук менен Аламүдүн жеринде базарга мүмкүнчүлүк түзүлсүн дедик.

—Ар кандай чечмелей беришет экен. Эки жылда укпаган сөзүм калбады.

—Ар ким интеллектисине жараша сөз кылат экен.

—Бир нерсени жасайын десең эле, адамдык сапаты жок дегендер чыгат экен.

—Шаарда 7- муун жашап жатам. Кыргыз элинде жигиттер алдыга умтулган. Ойдун баарын башка жакка буруш керекпи,  дивандагы эксперттердин ою ошол.

—Укпаган сөздү угасың, көрбөгөндү көрөсүң. Ошону өткөн киши гана тилегине жетет.

—Кудайдын куттуу күнү соц. түйүндө бирдемени жаза бергендер жасайбы? Биз эртеден кечке иштейбиз.

—Кыргызда думана болуп алам деген сөз бар. Сөзсүз эле бомжго окшоп кийинип алыш керекпи? “Мен думана болбой эле костюм-шым кийинип көрүп жүрөм” дейт бир депутат.

—Кээ бир киши мен депутатмын деп жөө жүргөндөн уялат экен, мен мал базарда, ошондой чоңойгом, бир туугандарым да ал жакта жүрөт.

—Бүгүнкү күндө макал да окушпайт, сөз төркүнүн да түшүнүшпөйт.

 “Баарынын тааныш-туунушу бар”

—Биз 2 миң дүкөн,  мыйзамсыз курулуштарды жок кылдык. Менчик ээсинин тааныш-туунушу болот экен. Кичинекей нерсени жасаш үчүн 3 жыл күтө берет экенсиң.. Аларды алып салууда аябай кыйналдык.

—Мен адамдын үйүн эмес, чымчыктын үйүн да буздурбайм.

—Кудайдын кудурети, элдин колдоосу менен иштеп жатабыз. Мен кетпейм, кетип калсам, баары калып калат. Кыйынчылыктан биз коркпойбуз.

—Мэр деген—технадзор эмес!

—Сараң киши эки жыгылат.

—Отставкага кетирип салса, иштин көзүн тапкан адам, кандай кызмат ээлебесин же бош жүрбөсүн,  ар дайым өзүнө жумуш табат. Иштин көзүн таба албаганга—себеп көп. Мен алектене турган иштер абдан көп. Бирок шаар тургундары колдойт, депутаттар деле, алар тажрыйбалуу, турмушту түшүнгөн адамдар.

—Элдин тилеги, кудайдын колдоосу менен, өмүр берсе, башка жол жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты