Бизнестеги каталыктар

Бизнестеги каталыктар20-апрелде Бишкекте айтылуу инсандар жаңылгандарын, кетирген каталарын айтып, андан кантип чыккан учурларын эстешти. Ивент-менеджер Дарика Асылбашева, бийчи Атай Өмүрзаков, “Куликовский” кондитердик үйүнүн башкы директору Денис Гайворонский, жеке ишкер Каниет Осмонкулов көрүүчүлөр алдында сүйлөп, ийгиликти айтуудан да кетирген каталары, жаңылган мисалдары менен бөлүшүү башкаларга сабак болор дешти.  “Жаңылбаган жаак болбойт” деген элибиздин накыл сөзүн ураан кылып, иш-чараны “Ишкер” клубу жана  CAFMI изилдөө борбору уюштурду. Дүйнөдө мындай долбоор  «FuckupNights” деп аталат, ал 2012-жылы Мексикада көз жарган жана буга чейин дүйнөнүн 70 өлкөсүндө өткөрүлгөн. Бишкекте биринчи уюштурулган иш-чара “Туңгуч” театрынын залында өттү.

Дарика Асылбашева, ивент-менеджер: “Мен-бийчи” долбоору: финансылык жактан утулуу, бирок социалдык жактан утуш”

Бизнестеги каталыктарДарика Асылбашеванын жасаган үлгүлүү иштеринин бирөөнү гана – Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш жана жабылыш аземдерин айтсак жетиштүү. Ал эми  катачылыктары тууралуу сөз кылганда дүйнөгө атагы чыккан бийчи Атай  Өмүрзаков менен бирдикте “Мен—бийчимин” аттуу эл аралык фестивалы тууралуу Атай экөө айтып берди.
—Атай экөөбүз 2008-жылы таанышканбыз. Караколдон тааныштарыбыз бийчи балага жардам берип коюуну өтүнүп телефон чалышкан. Биз продюсерлик менен алектенбегенден кийин ал учурда жардам бере алган эмеспиз. Бийиңди көрсөтчү десек же чөнтөк телефону жок, же жаздырып алган видеосу жок. Балабыздын тушоо тоюнда бийлесе аны эч ким түшүнбөй, кабыл албай койду. Атай Караколдон Бишкекке жаңы келип, аты чыга элек кези.
2011-жылы Атай Чехословакиядагы бий мелдешинен жеңип, 100 миң евро утуп алды. Атайга эч ким бий  үйрөтүп, мастер-класс өткөн эмес, баары жеке өзүнүн эмгеги.  Утуп алган акчага квартира, машина сатып алып тынч жашай бербейсиңби дедик. Бирок ал антпей эле жаңы эбегейсиз чоң эл аралык бий долбоорун өткөрүүнү эңсеп туруп алды.
Атайдын эл аралык бий долбоорунда иштөөнү мага  сунуш кылышканда, долбоордун масштабы канчалык  экенин билбей туруп макулдугумду берип коюптурмун.  Долбоор менен таанышкандан кийин “Бизде мындай долбоорду ишке ашыруу мүмкүн эмес, акыл-эсиңер ордундабы” деп айткам. Бирок Атайдын элди шыктандырып, артынан ээрчитип алмай шыгы бар экен. Мен “Мен—бийчимин” эл аралык бий фестивалынын координатору болуп калдым.
Бизге эбегейсиз бий долбоорунда иштөө чоң сабак болду. Дүйнөлүк жылдыздар менен бетме-бет жолугуштук. Дан Балан жана “Моранди” тобу менен тиричилик жана техникалык маселелерди талкуулаганда аларга жагуу кыйын экенин билдик. Алар менен алар уктай турган бөлмөдөгү килемче менен гримдөөчү бөлмөдөгү диван, виски ичимдигинин канча жылдык экенин да талкууладык. Ал эми аларды аэропорттон тосуп алар машинанын түсү тууралуу айтпай эле коёюн.
“Мен-бийчи” эл аралык фестивалын өткөрүп, казан-аягыбызды жыйыштыргандан кийин гана анын арышы канчалык болгонун билдик. Ишке ашпайт деген  ойлорду да ишке ашырса болооруна ошондо көзүбүз жетти. “Мен-бийчимин” долбооруна 20 миң көрүүчү келди. Бий фестивалына  12 миң көрүүчү келет деп ойлогонбуз. Атай ушунча көрүүчүнү топтоп, кирешеге чөмүлүп калды дейсиңерби? Жок, Атай утуп алган 100 миң евросунан куру жалак калды, баарын фестивалга жумшады. Жалпысынан бул долбоорго 250 миң доллар чыгымдалды! Мындай долбоор Кыргызстандын тарыхында болуп көргөн эмес экен! Финансылык жактан бул долбоор утулуш болду, бирок социалдык жактан чоң утуш эле.
Атай ошону менен токтоп калбай мындай фестивалдарды өткөрүүнү уланта берди. Экинчи жана үчүнчү фестиваль да өтүп, бирок алардын кирешеси да төмөндөп олтурду. Ызага баттык. Бирок биз  Кыргызстандагы бий өнөрүн кеңири даңазалай алдык.

Атай Өмүрзаков, бийчи: “Өзүбүздү дүйнөгө тааныта алдык” 

Бизнестеги каталыктар

—Эң негизгиси – өзүңө жана өзүң жасап жаткан ишиңе ишенишиң керек. Билесиңерби, мен жаңы машыга баштаганымда, үйүмдө бийчиге зарыл болгон чоң күзгүм да жок эле. Кичинекей күзгү бетимди эле көрсөтүп көрүнүп турчу. Ошол кичине күзгүгө каранып бийлеп жатып, мен жаркырап жанып турган, элге жыкжыйма залды элестетип турчумун. Прагада конкурста атым жеңүүчү катары аталганда, мындай жеңишти тээ Караколдо кичине күзгүнүн алдында бийлеп жатканда эле көргөнүмдү ойлодум. Эң негизгиси—адам өзүнө өзү ишениши керек. “Мен—бийчимин” деген сөз өнөрдүн күңгөй-тескейинин баарын камтып турат. Өз ишиңе берилгендикти билдирет. Мейли, фестивалдарда биз чөнтөгүбүздү толтура албай, болгон каражатыбыздан куру калып, киреше албай калсак дагы, социалдык жактан аябагандай чоң утушка ээ болдук. Мына бизге ушунун өзү чоң дем берип келет. Кантсе да биз каалаган кыялыбызды ишке ашыра алдык. Эгер адам бир нерсени жасайм десе, сөзсүз аны эртедир-кечтир жасабай койбойт.

Эркин Жаманбаев, бизнес-консультант: “Биз 700 миң долларды кантип жоготтук!”

Бизнестеги каталыктар—Биз баштаган бизнес долбоор бардык жактан идеалдуу эле, анын бизнес планы, бүт планы бар эле.  Долбоорго 500 миң доллар жумшалды. Имарат, тиешелүү жабдуулар алынды, кадрлар камсыздалды. Адамдардын ден соолугуна кам көргөн борбор ачылды. Бул кошуна өлкөлөрдүн биринде болуп өттү. Эмнегедир киреше кирбей жатты. Биз бардык аракетти жасадык. Тыным алай иштедик. Арадан эки жыл өттү. Бирок киреше кирбей жатты баягыдай эле. Түшкөн акча кызматкерлердин айлык акысына кетип жатты. Кайсы жерден жаңылып-жаздык, мында эмне көйгөй болду деп башыбызды катырдык.
Көрсө, адамдардын турмуштук баалуулуктары ар кандай болот экен. Эгер Бишкекте баалуулуктар бир башка болсо, кошуна өлкөлөрдүн биринде маданият, менталитет башкача болот экен. Башкача айтканда алар акча коротуп, мындай жайларга ден соолугуна кам көргөнү барышпайт экен. Кыргызстанда ушул эле адамдардын мындай бизнеси гүлдөп-өнүгүп жаткан. Эки жылдан кийин бизнести жаап салалы десек, инвесторлор макул болгон жок. “чыдагыла, акыры иштин үзүрүн көрөбүз” дей беришти. Кеткен 500 миң доллардан кийин банктан дагы 200 миң доллар кредит алдык. Бирок ал да эмгегибизди актаган жок. Баары күйүп кетти. Кредитти өзүбүз үй-жай, мүлкүбүздү сатып төлөп бердик. 500 миң доллар сарптаган жеке инвесторлор акчасын кечип коюшту.
Биз ошентип, 700 миң долларды кетирип, кайра кайттык. Ошондон кийин мен бир жыл депрессияга түшүп жаттым. Андан кийин кайрадан жашоо уланып, турмуш ыргагына киришип кеттим. Эң негизгиси—депрессия абалынан чыгып, кадимкидей иштеп, жашап калдым. Ал эми 500 миң доллар салган жеке инвесторлор менен мамилебиз күнү бүгүн да жакшы.

Даярдаган Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты