5-8-ноябрь күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү, жаан күтүлөт

  • 2 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт:

-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин;

-Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин;

-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулука чейин;

-Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук;

-Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;

-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты