Карамат Орозова, ЖК депутат: «КСДП ичинде эч кандай бөлүнүү жок. Съездди туура эмес талкуулап жиберишти»

Карамат Орозова, ЖК депутат: «КСДП ичинде эч кандай бөлүнүү жок. Съездди туура эмес талкуулап жиберишти»— КСДПнын кечээки съездинен кийин азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы карама-каршылык ачыкталгандай болду. Бул жагдайга кандай комментарий берет элеңиз? Сиз мүчө болгон КСДП партиясы дагы эки ажырым болуп кеткени чынбы?

— Биринчиден, бөлүнүүгө эч кандай негиз жок. Съезддеги сөздөр бир аз башкачараак талкууланып кетти деген ойдомун. Анткени, ал жерде экс-президентибиз Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду Президенттикке биздин партия көрсөткөнүн, биз аны колдоп турушубуз керектигин айтты. Мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн, саясатчыларбы, же жеке адамдарбы өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп,  мамлекет башчылардын ортосунда мындай бири-бирине кайраган жагдайды түзбөшү керек. Менин оюмча, эки Президент бири-бирин туура түшүнүп, бир пикирге келет деп ойлойм.

— Азыркы президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында коррупция менен күрөш чабал жүрүп жатканын айтып, күч органдарын сындады. Бул сөз экс-Президент Алмазбек Атамбаевдин короосуна ыргытылган таштай болду окшойт?

— Коррупция менен күрөшүүдө алгылыктуу жумуштар жүрүп келди.Экс-Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан УКМКнын алдында түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын түзүлүшү — бул баштапкы кадам. Андан кийин Коррупциянын себептерин жоюу боюнча иш чаралар Президентибиздин жарлыктары жана Коргоо кенешинин чечимдеринде белгиленген. Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук Кенеши- Коррупцияга каршы күрөштү координациялоо, уюштурууну камсыз кылган – мамлекеттик институт катары түзүлүп калды. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жогорку кызматтагылардын жасаган кылмыштары боюнча иликтөөлөр жүргүзүлө баштады. Сооронбай Жээнбеков  экс-Президентибиз баштаган саясатты улап Коргоо Кеңешинин жыйынында укук коргоо, текшерүү органдарына, бийликтин бардык бутагына тапшырма берүү менен катуу талап койду. Биздин партия, албетте, бул иштерди колдойт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан жети жаңы Кодекс,  Кылмыш-жаза кодекси, Жазык аткаруу кодекси, Жарандык процесстик кодекс, Административдик-процесстик кодекс жана  38 жаңы мыйзам кабыл алынды. Булар иштесе коррупционерлер эч жакка качып кутула алышпайт. Кыргызстанда сот системасын реформалоонун  биринчи этабынын жыйынтыктары чыгып, бул багыттагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди. Максаты — сотторго элдин ишенимин  арттыруу. Соттордун эки милдети бар: сот адилеттүүлүгү жана соттук көзөмөл. Бүгүнкү күндө соттордун корпусунун үчтөн эки бөлүгү, мурда иштебеген жаңы кадрлардан түзүлдү. Соттордун кесипкөй эместиги жана этикалык нормаларды бузуп жатканынан улам жарандар сотторго ишенбей калды. Бул нерсе мамлекетке дагы ишенбөөчүлүктү пайда кылат. Ошон үчүн, Конституцияда белгиленген Соттор Кенешинин алдында, Тартип Коммиссиясы киргизилди. Алар соттордун үстүнөн арыз даттанууларды карашат.

— Экс-президент Алмазбек Президенттин иниси Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырсын деп айтты. Негизи ушундай көрсөтмө бергенин сиз туура деп ойлойсузбу?

— Мен муну көрсөтмө катары эмес, партиялашынын кеңеши катары эле кабыл алдым. Алмазбек Атамбаев Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы үйбүлөлүк бийлигин көрүп, президенттерге бир туугандары, үйбүлөсү кандай терс таасирин тийгизерин көрүп, ошондой нерсе болуп кетпесин деп алдын алып айткан сөзү. Болбосо Асылбек Жээнбековдун ушунча жылдан бери КСДПга кошкон салымы чоң экенин, таза адам экенин айтпайт эле да. Бир тууганынын парламентте отурушу агасынын Президенттигине сөз, залакасын тийгизбесин деген ой менен кеңешин айтты. Аны Асылбек Жээнбеков кандай кабыл алат, мандатын тапшырабы, жокпу, өзү чечет. Мындан саясат кылуунун кажети деле жок.

—Партиянын съездинен кээ бир делегаттар чыгып кетишти, коомчулукта эми Жээнбековдор өзүнчө партия түзсө керек деген божомолдор айтылып жатат. Ушундай болушу мүмкүнбү?

— Биздин партияда демократиялык принцип жогору коюлган жана сакталат. Айрым делегаттардын көз карашына туура келбеди, съездден чыгып кетишти, анын эмнеси бар, менимче, алар партиянын мүчөлүгүнөн чыкпайт болуш керек. Мындай учурлар бардык эле партияларда бар. Башмыйзам боюнча ар бир жаран өзүнчө биригүүгө, партия түзүүгө укугу бар, бирок,  менимче, Жээнбековдор өзүнчө партия түзүп, чагымчылдыкка жол бербейт деген ойдомун.

— Жакында Өкмот башчы Жогорку Кеңешке отчёт менен келет, съездде экс-Президент Өкмот башчы Сапар Исаковду колдолгула деп айтыптыр, коомчулукта парламент ишеним көрсөтпөй, ордуна Атамбаев келет деген дагы сөздөр бар…

— Экс-президент Атамбаев КСДПнын съездинде партияга төрага болуп шайланды, өзү прессага берген маалымат жыйынында бийликке барбаймын деп ачык айтты. Ал эми Өкмөттүн отчету келе элек, отчётун уккандан кийин баалайбыз, ар бир депутаттын өзүнүн пикири бар. Биздин колдогонубуз — анын кемчилигин айтып сындаганыбыз, туура эмес жолго баратса оңдогонубуз, «дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» дегендей мактай берсек болбойт да.

— Бийлик жети жылдан бери КСДПнын колунда, эмне өзгөрдү?

— Мен КСДПнын  2004-жылдан бери мүчөсүмүн, мүчө болгонумдун бирден бир себеби бул партиянын тарыхы бар. КСДПнын түзүлгөнүнө жакында 25 жыл болот. КСДПнын негизги багыты  — Кыргызстан Мамлекетин социалдык жакырчылыктан алып чыгуу, социалдык теңчиликке алып келүү, өлкөбүздүн бардык жарандары бирдей шартта жашоосу, окуусу  керек. Бул багытта партиябыз, партиянын торагасы, экс-Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган аткаруу бийлиги алты жылда көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Тарых баалайт, эл баалайт, мамлекетибиз эгемендүү болгондон бери 26 жыл болгон болсо, 20 жылда аткарылбаган жумуштар 6 жылда аткарылды.  “Датка-Кемин” подстанциясы курулду, дагы бир катар  ГЭСтер курулушуна жол ачылып, электр энергиясынан кошуна малекеттерге  көз каранды болбой калдык, баарыбызга белгилүү, мурда веердик өчүрүүлөр болуп электр жарыгы саат-сааты менен берилчү. Айрыкча Өзбекстан, Тажикстандан алган айылдарда электр энергиясы, эскертилбестен өчүрүлүп канчалаган насостор, электро-техникалар күйүп калчу. Мындай учурларды Баткен облусунун тургундары жакшы билет. Бүгүнкү күндө ремонт иштерин эсепке албаганда, бир жолу дагы веердик өчүрүүлөр орун алган жок. Курулуш жагын алып карайлы,  2010-жылкы апрель, июнь окуяларынан кийин өлкөбүздө каражат жок болчу, Бакиевчилер көтөрүп кетип, бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элинин эсебинен жашап жатат. Каражатты ошол мезгилдеги Убактылуу Өкмөттүн жетекчилери таап келишип, жабыркаган Ош, Жалал-Абад облусунда бир жылда 187 күйүп кеткен  турак-жайлар калыбына келтирилди. Карыз, кайтарымсыз  каражатты да ишенген мамлекет башчыга берет. Андан бери канчалаган курулуштар болуп жатат, 400гө жакын мектептер, ооруканалар, жолдор курулуп тапшырылды, дагы курулуп жатат. Баткендиктердин өзүнүн жолу жок эле, Өзбекстанды аралап, 7 тосмодон жалынып -жалбарып өтчү, бүгүнкү күндө кудайга шүгүр, элибиз жолдон да, электр энергиясынан да кошуна мамлекеттерге көз каранды эмес.

2010-жылдан бери, чек ара заставалары, офицерлер үйлөрү, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ички иштер кызматкерлерине, аскер кызматындагыларга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө канчалаган үйлөр салынып берилүүдө, мурда мындай болгон эмес да. Бүгүнкү күндө да кызматтык үйлөрдүн курулушу пландаштырылууда. «Арзан турак жай» программасы боюнча ипотекалык кредиттин пайызы 8%га түштү.

Өлкөбүздүн экономикалык абалы да күн сайын, коррупция менен күрүшүүнүн, жеке ишкерлеге шарт түзүүнүн негизинде өсүүдө. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн маалыматына таянсак, мамлекетибиздин бюджети 4,4 млрд профицит менен чыгууда. Маселен, мурда жеке ишкерлер 35-65%га чейин насыя алып иштечү, жыйынтыгында мурдагы бийликтин тушунда банкрот болуп канчалаганы Россияга карызын төлөө үчүн кетишти. Бүгүнкү күндө жеке ишкерлер үчүн 4-12%дан  насыялар берилүүдө. Жеке ишкерлер үчүн ийкемдүү салык киргизилди. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында иштегендердин эмгек акысы, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүүдө. Натыйжасында орточо эмгек акы 14,5 миң сомду түздү.  Мурдагы бийликтердин тушунда эмгек акы айлап-жылдап берилбей, кечиктирилип  акчанын ордуна курттап кеткен ун, макарон, күрүч, спирттик ичимдик берген учурлар да болгон. 2010-жылдан кийинки өзгөрүүлөрдү, жасалып жаткан иштерди эл көрүп баалап жатат.

Биз КСДПнын мүчөлөрү мурда үйбүлөлүк, кландык башкарууга каршы күрөшкөнбүз бүгүнкү күндө ал жок, жол да бербейбиз. Эми коррупция менен катуу күрөшөбүз. Президентибиз айткандай,  «Коррупция менен күрөшүүгө күчүбүз да, эркибиз да жетет». Биз бириксек чоң күчпүз.

Эльвира Какиева

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты