Бүгүн Россияда аза күтүү күнү
- 7 лет мурун
- Маек
28-мартта Кемероводогу көптөгөн адамдардын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
ТАССтын маалыматы боюнча Россия президенти В. Путиндин жарлыгы менен 28-мартта Россияда Кемероводогу 64 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
25-мартта Кемероводогу “Зимняя вишня” соода-оюн зоок борборунда ири өрт кырсыгы чыкканы белгилүү. Бул күнү аза күтүү күнү жарыяланып, Россиянын бардык аймагында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, оюн-зоок теле берүүлөр көрсөтүлбөйт.
Буга чейин өрт кырсыгынан улам үч күндүк, 27-марттан 29-мартка чейин аза күтүү күнү Кемерово областында жарыяланган.
Эскерте кетсек, 25-мартта. жекшемби күнү чыккан өрттө каза болгондордун көбү мектеп окуучулары, алар жазгы каникулга тарап, көңүл ачууга бүт классы менен чыгышкан. 64 киши каза болсо, жабыркагандар да ушунча, алардын дагы 15 и ооруканада жатат.
Кылмыш иши ачылып, өрттүн себеби иликтенип жатат. Азыр беш киши сурак берүүдө анын ичинде соода борборунун жетекчиси, ошол күнү иштеген жооптуу кызмат адамдары бар.