4 млн сом зыян келтирүүгө шектелүүдө. Таласта ишкана директору жана подряддык уюм өкүлү кармалды

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Талас шаарынын мэриясынын жана «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан Кутманалиев атындагы  стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүдө подряддык уюмдун кызыкчылыгында кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактыларын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга тиешелүү лицензиясы, иш тажрыйбасы жок экендигине карабастан муниципалдык ишкананын жооптуу кызматкерлери тендер өткөрбөстөн, подряддык уюм менен 25 млн.сом суммасында түз келишим түзгөндүгү такталды.

Кутманалиев атындагы стадиондун капиталдык ремонту боюнча иш көлөмдөрүнүн, эмгек акы, салык жана материалдардын наркынын айырмачылыгы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына 4 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча «ТЗХ» муниципалдык ишканасынын директору А.М. жана подряддык уюмдун өкүлү Т.С. кармалып, Талас облусунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

4 млн сом зыян келтирүүгө шектелүүдө. Таласта ишкана директору жана подряддык уюм өкүлү кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты