Рязандагы “Февраль” ишканасында мигранттардын укугунун бузулушу текшерүүгө алынды

Рязандагы “Февраль” ишканасында мигранттардын укугунун бузулушу текшерүүгө алындыКР ИИМ жана Миграция кызматы Россиянын Рязань облусундагы мигранттардын эмгек укугунун бузулганын текшеришти.

Рязань облусунун аймагында кыргыз жарандарына жумуш бергендер алардын паспортторун алып, айлык акысын төлөбөй жаткандыгы боюнча кайрылышкан. Бул кайрылуу боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы буларды кабарлайт:

2018-жылдын март айынын ортосунда Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кыргыз Өкмөтүнүн Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгү менен бирге Рязань облусунда мигранттардын эмгек укугунун бузулгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу текшерүү үчүн барышкан.
Аталган фактыны текшерүү үчүн Рязань облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кылмыш иликтөө, экономикалык кылмыштуулукка каршы, аймактык тескөөчүлөр жана тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кирген эки ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Рязань шаарында жайгашкан “Февраль” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК)  жетекчиси Россиянын жараны С.В., ал эми негиздөөчүсү  Вьетнамдын жараны экени аныкталган.

Тигүү ишканасында эмгек келишимин түзгөн жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келген 100 гө жакын адам бар экендиги аныкталып, алардын ичинен 13ү Кыргызстандын жараны болуп чыккан.

Кыргызстандын жарандары ортомчу аркылуу келгенин жана аларды Бишкек шаарында жайгашкан “Берекет” соода борборунун жанынан Рязанга алып кетишкендиги, ошондой эле, ортомчунун ким экендиги такталды. Ортомчу болгон кыргыз жараны, Ош облусунун Алай районунун 1979-жылы туулган Эркинаалы аттуу жашоочусу болуп чыккан. Биздин жарандар менен “Февраль” ЖЧКнын жетекчилигинин ортосунда күнүнө канча саат иштей тургандыгы тууралуу эмгек келишими түзүлгөн. Анда, эртең мененки саат 8:00-20:00го чейин, он эки саат иштөө менен бир ай ичинде эки жолу эмгек акысын алып, медициналык камсыздоо, бекер жатакана менен камсыздалмак.

Бул келишимдин эмгек шарттарын так сактабастан, 12 саат эле иштеп тим болбостон, алар эртең мененки саат төрттөргө чейин иштеп келишкен. Түшкү тамактанууга 40 мүнөттүк гана убакыт берип, кечигип келишсе, 5000 рубль өлчөмүндө айып салышкан. Ошондой эле, акысыз медицина менен камсыздалбай, белгиленген убакытта айлык акылары төлөнгөн эмес.
Кыргыз жарандары аларды келишимде көрсөтүлгөн дарекке эмес, башка жерге алып барышканын айтышты. Ал жакта оор шарттарга байланыштуу эмгек келишимин бузууга аракет кылышканы жана ачка калышканы, тил уккандары, малай катары иштетишкендери, айлык акыларын төлөбөй,  жыйынтыгында качууга аракет жасашкандары маалым болгон.
Жумушчулар ишкананын аймагынан чыга алышпай, дарыканага барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Анткени алардын документтерин алып коюшкан.
М.Э. аттуу Кыргызстан жараны оор шарттарга жана жумуштун оордугуна чыдабай, өмүрүн кыюуга аракет жасаган учурда, күбөлөр “Тез жардам” чакырганда ишкананын жумушчуларынын бири “Тез жардам” кызмат акысын чакырган киши төлөйт деген. Ушул окуяга “Февраль” ЖЧКнын жетекчилиги тиешелүү көңүл бурган эмес.
Аталган факты боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, “Февраль” ЖЧКнын бир нече бөлмөсү жабылып, каржылык документтери, техникасы, ашкана жана иштөө бөлмөсүндө жайгашкан видеокамеранын көчүрмөлөрү алынды.
13 кыргыз жарандын түшүнүк каттары менен кошо арыздары Россия ИИМинин Москва району боюнча бөлүмүнүн каттоо китебине жазылды. “Февраль” ишканасынын жетекчилигине  карата козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

КР ИИМи жана анын Россиядагы өкүлчүлүгү аталган кылмыш ишинин иликтенишин өз көзөмөлүнө ала турган болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты